Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Кыргызстанда ВИЧ жуккандар 12 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 12 039 адам расмий катталды. Арасында 700дөн ашууну балдар. Бул 2022-жылдын ноябрь айына карата маалымат экенин Республикалык СПИД бирикмесинен кабарлашты.

Илдет акыркы беш жылда жыныстык катнаш аркылуу жуккан учурлар көбөйүп, бейтаптардын 55% түздү. Инфекцияга чалдыккандардын жарымынан көбү эркектер.

ВИЧтин акыркы стадиясы - СПИД. Бил илдет алгач аныкталган 1996-жылдан бери Кыргызстанда андан 3013 адам каза болду.

Бишкекте жана облустардын борблорлорундагы СПИД бирикмелеринде каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алат. Андан тышкары, ВИЧке каршы күрөшкөн бейөкмөт уюмдар да анализ алышат. Оору аныкталгандардын аты-жөнү ачык жарыяланбайт. Алар СПИД борборлорунан инфекциянын күчөп кетишинен коргогон дары-дармектерди бекер алышат. Кыргызстанга бул дарылар Глобалдык фонддун каржылоосу менен келет.

Республикалык СПИД бирикмесинин жетекчиси Үмүткан Чокморова өкмөт өз күчү менен дарыларды сатып алууга даяр экенин да «Азаттыкка» билдирди.

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

ЮНЭЙДС уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Анын теңинен көбүндө дарыларды алуу мүмкүнчүлүгү бар.

ВИЧ үч жол менен жугат:

-корголбогон жыныстык катнашта;

-кан аркылуу (ийне сайынганда);

-энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кошбойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

ВИЧ – Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу (вирус иммунодефицита человека)

XS
SM
MD
LG