Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Башкы прокуратура депутат Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүндү


Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт.
Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылды. Бул маалыматты бүгүн, 6-декабрда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов тастыктады.

Өтүнүч иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу келтирилгени маалымдалды.

Өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго байланыштуу да келтирилгени маалым болду.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев Жазык кодексинин «Пара алуу» деген беренесинин негизинде кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде «ыплас ушак» деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген жана үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектелип Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең Жогорку сотто акталган.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё берген. 1-декабрда УКМК ушул тапта депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG