Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Актан Арым Кубат: Адамда кайгыруу, түйшөлүү болбосо жетилбейт


Актан Арым Кубат.

"Сыябандын" кезектеги коногу белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер, актёр, кино тармагындагы ондогон эл аралык сыйлыктардын ээси, Кыргыз эл артисти Актан Арым Кубат.

Ал "Беш кемпир", "Маймыл", "Свет аке", "Кентавр" өңдүү кино тасмалары менен таанымал. Кинорежиссёр менен бүгүн биз эл аралык таанымга ээ болгон "Эсимде" аттуу жаңы тасмасы жана жалпы эле кино тармагынын күңгөй-тескейи тууралуу кеп болот.

"Керегем сага айтам..."

- Актан мырза, "Эсимде" беш жылдык тыныгуудан кийин тарткан тасмаңыз болду, азыр кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Ошол көрүүчүлөрдүн катарында биз да барбыз, көрдүк, тааныштык, таасирлендик дегендей. Жакында бул тасма Азия-Тынч Океан киноакадемиясынын "Азия Оскары" атыккан мартабалуу Гран-При сыйлыгына ээ болду. Куттуктайбыз! Бул сыйлыкты күттүңөр беле?

- Адегенде Токио эл аралык фестивалына тасманын бет ачары (Токиодо 27-ноябрда көрсөтүлгөн – ред.) дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүлүп жаткандыктан, үмүт менен баргам. Сыйлык албай калгандан кийин кичине ичим ооруп, кыжаалат болуп калгам. Токиодон бааланбагандан кийин эми кайдан баалансын дегендей, бул жолу үмүт деле жок болчу. Анткени "Азия Оскары" Америка "Оскары" сыяктуу эле бир жыл бою тартылган тасмаларды жыйынтыктоочу сынак да.

Борбор Азияда, дегеле дүйнө жүзүнө таанымал Абикеева Гүлнара аттуу казакстандык кино сынчы бар. Ал Борбор Азиянын киносун мыкты билген жана ал тууралуу байма-бай жазып келе жаткан адис, калыстар тобуна кирет. Сыйлык жарыяланды деп уккандан кийин ал кишиден булардын баш байгесинин чоо-жайын сурадым. Биз үч номинация боюнча (мыкты тасма, сценарий, мыкты актёр) ат салышканбыз да. Адистин айтымында, биздин тасма үч байгеге тең татыктуу болуптур. Ошон үчүн баш байгени бизге ыйгарышыптыр. Көрсө, сыйлык ыйгарууда ушундай учур да болот экен. Бизди өтө сүйүндүргөнү - жалпыга көрсөтөрдүн алдында жарнама сыяктуу болуп калды.

- Азыр көрөрманда кызыгуу болуп жатабы?

- Кызыгуу болуп жаткансыйт. Азыр эле силердин кеңседе кесиптештериңиздин баары көрдүк деп жатышат. Илим-билимдүү, маданияттуу кишилер көрүп жатат окшойт. Биз автордук кино деп тартып коёбуз да, көрөрмандар менен көп мамиле түзгөндү билбейбиз. "Көпчүлүк бизди түшүнбөйт" деп жүрө беребиз. Бирок кыргыз киночуларынын ичинен биздин команда жалпыга жеткиргенге аракет кылып жатабыз.

- Албетте, "Эсимде" коммерциялык тасмалардын катарына кирбейт. Татаал, психологиялык салмагы бар, метафораларга бай чыгарма. Өзүңүз айткандай, чын эле муну түшүнүп көрүш керек. Мисалы, мен тереңирээк түшүнүш үчүн кайра дагы бир жолу көргүм келип жатат.

-Рахмат.

- "Свет акеде", "Кентаврда" көтөрүлгөн маселелер бул тасмада да бар сыяктуу. Бул тасманы кандай максатта тарттыңыз? Максатыңызга жеттиңизби?

- Максат жүрөгүмдү өйкөгөн бир теманы алып чыгуу болчу. Өмүр баяным десем да болот. Анткени тасмаларымдын баарында эле өзүм жашаган, көргөн-билген турмушту, коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү чагылдырганга аракет кылам. "Свет акеде" монтёр, "Кентаврда" мурдагы кино механик жөнүндө болсо, бул тасмада эс-тутумун жоготуп койгон киши тууралуу баяндалат. Каармандарым мени түйшөлткөн, туюп-сезген ойлорду, кабатыр кылган нерселерди айтканга мүмкүндүк берет.

- Ошол эс-тутумун жоготуп койгон адам Зарлык болуп жатпайбы. Зарлык өзү ким? Улуттук тамырдан ажырап калган коомдун бөлүгүнүн бир прототибиби же аң-сезимди, нарк-насилди урматтоого чакырган абийирби?

- Метафора жагынан айтсак, бул бүгүнкү биздин жүзүбүз. Биз баарыбыз тамырыбызды да, абийирибизди да унутуп калдык, керек болсо ким экенибизди да унутуп калдык. Кыскача айтканда, сюжет аркылуу коомдогу бардык жоготууларыбызды камтыганга аракет кылып, ошону көрсөткөнгө умтулдум. Кийиминен, таштандыларды улам жыйнап жүргөнүнөн байкасаңар, каарман таштанды жыйноочу болобу же селсаяк болобу, иши кылып Чыңгыз Айтматовдун маңкурту сыяктуу бүт баарын жоготкон киши. Ал тарыхый окуя болсо, бул мына бүгүнкү күндүн маңкурту деп чемелегенге аракет кылдык.

Башында сценарий "Эс" деп аталчу. Анткени кыргыздын "эси бар, акылы жок" деген жакшы сөзү бар. А менин жеке оюм боюнча бүгүн баарыбыздын акылыбыз бар, бирок эсибиз жок. Ошол себептүү биз саясатта болобу, экономикада болобу же жеке жашоодо болобу алдыга жыла албай, тескерисинче, артка кетип жаткан жокпузбу деген ойдо тартылган тасма болду. Тасма - көп катмарлуу. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" дегендей, ичинде көп ой жатат. Көп нерселерди каймана айтканга аракет кылдым.

Маектин видеосун толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

- Тасмада жер-суунун баары таштандыга толуп жатат. Бул жөн эле таштанды эмес да, туурабы?

- Ооба. Башыбыз да, сезим-туюмубуз да, каада-салтыбыз да таштандыга толуп калган. Кыскасы, айланабыз өзүбүзгө татыктуу чөйрөгө айланып калган. Эми аны бирөөлөр келип булгап кеткен жок да. Өзүбүз булгап жатабыз! Мейли, экономиканы көтөрүү кыйын болсун, бирок таза жашоо колубуздан келет да.

Тамыр тууралуу

- Өзүңүз айтып жаткан метафоралар жөнүндө кепти уласак. Мисалга, бак-дарактардын жайнаган тамырын алалы. Тамырга кайтаар ойду берип атат. Же кыргыздын калпагы менен жүргөн дин кызматкерин - азанчыны алалы. Бул да андан ары ой чабытына жол ачат...

- Негизи бактын өзү – жашоонун метафорасы да. Мен өзүбүздүн нукура маданиятыбызды, каада-салтыбызды тамыр катары элестетем. Биз ошону жототуп койгонбуз. Байкасаңар, мурда нукура динди карманып жүргөн кишилер ушундай эле болучу, кадимки эле кыргыз калпагы менен жүрчү. Дин, ишеним сырткы кийим-кечесинде эмес, жүрөгүндө, көөдөнүндө болчу. Ал эми жанагы тасмадагы дааватчыларды, имамды алсаңар, арабдардын, пакистандыктардын кийимдерин кийип алган. Мен булар да чыныгы диндин тамырын жоготуп койгонбу дегендей ой жүгүрткөм, өздөрүн таба албай жүргөн адамдардай чагылдыргам.

Чет өлкөгө чыкканда мага дин жөнүндө көп суроо беришет. "Мен динге каршы эмесмин. Мен өзүм да Кудай деген кишимин, бирок мен арапташууга каршымын" деп айтам. "Кентаврда" эмне үчүн биз Кудайга өз тилибизде кайрыла албайбыз деп ыйлаган жерим бар эле, кесилип калган. Эми бул өзү чоң тема жана аны мен эле чечпейм. Бирок, чыгармачыл кишилер дайыма суроо коёт, анан сиз айткандай, баамчыл көрөрман Кудай деген киши ушундай болуш керек го деп аңдап-түшүнөт деп ойлойм.

- Ошол кишинин оозу менен "аль-хула" деген сөздү айттырып жатасыз. Бул жаңы түшүнүк экен. Биз "талак" деген түшүнүктү билебиз, кыргыз коомунда өтө кеңири тараган. Ал эми "аль-хула" көрсө аялдардын укугун коргогон түшүнүк экен. Сиз бул түшүнүк аркылуу эмнени айткыңыз келди?

- Сценарий жазып жатканда ушуга келип такалдык. Анткени динди карманган кишилерин көбүндө, менин түшүнүгүмдө, соттор жок экен. Никени молдолор кыят экен жана шарият мыйзамы менен ажырашат экен. Сиз айткан нерсе ошол жактан чыгып калып жатпайбы.

- Сиз өзүңүз Куранды карап чыктыңызбы?

- Бизде кеңешчилер бар болчу, ошолор тактап беришти. Көрсө, "аль-хула" дегенди аял киши деле үч жолу айтып, эркектей кете берсе болот экен. Бирок аны аялдардан эч ким айтпайт. Ал эми эркектер телефондон деле "талак" деп кетип жатпайбы. Бул эми аялдын укугун басмырлоо да.

- Демек, биз динди, тактап айтканда исламды жакшы, тереңирээк тааныбай, туура эмес багытка буруп жатабыз деген маанини берип жатасыз да?

- Негизи ислам улуу диндердин бири да, мен ага эч каршылыгым жок. Бирок кыргызда "чала молдо дин бузат" деген сөз бар. А менин түшүнүгүм боюнча Куран – бул өтө чоң философия. Куран болобу, Библия болобу, Торо болобу – мунун баары кылымдардан бери келе жаткан нерселер да. Эми буларды туура чечмелеп, элге туура түшүндүрүш керек да. Мен тилибизден, каада-салтыбыздан ажырап калабызбы деп чочулайм. Себеби, каада-салтка да каршы болуп жаткандар бар да.

"Кыргыз киносундагы канондорду бузуу аракетиндемин"

- Өзүңүз тасмаларыңызды кайсы бир деңгээлде өмүр баян чыгарма деп жатпайсызбы. Окшоштуктар көп. Мисалы, "Эсимдедеги" мамыга чыгып турган каарманыңыз "Свет акени" эске салат. Өрт "Кентаврда" да бар. "Эсимдени" тигил экөөнүн уландысы катары караса болобу?

- Мен эки үчилтик тарттым. Биринчи үчилтигим – "Селкинчек", "Беш кемпир" "Маймыл". Буларда бала кездеги окуяларды чагылдыргам. Ал эми кийинки үч тасмада ("Свет аке", "Кентавр", "Эсимде"-ред.) бүгүнкү өзүм жашап жаткан коом баяндалат.

Кинодо "авторемейк" деген түшүнүк бар, башкача айтканда өзүңдү өзүң кайталайсың. Бирок, ар биринин өзүнүн орду бар. Ошол эле актриса Таалайкан Абазова үч тасмамда тең тартылды. Тиги Мирлан уулум биринчи үчилтикте баланын ролун - менин бала кезимди аткарат. А мунусунда менин уулум болуп ойнойт. Мен кээде алты кинодон дагы бир кино жасаса болот деп тамашалап коём.

Негизи изилдөөчүлөр изилдеп көрсө бул тасмаларда баары атайын чырмалышкан, жуурулушкан, образдар, сөздөр кайталанып, өзүнчө бүтүн бир чоң чыгарма сыяктуу болуп калат.

Бул тасмалардын башаты алгач "Селкинчекте" пайда болгон. Себеби Советтер Союзу кулагандан кийин "Мен киммин?", "Биз кимбиз?" деген суроолор пайда болду да. Ошону мен сөз аркылуу болбосо да, образдар аркылуу түшүндүргүм келген. Киночулар "Селкинчекти" кыргыздын эгемендик келгенден кийин пайда болгон советтик идеологиясы жок накта киносу деп баа берип жүрүшөт.

- Сиз актёрлор менен кандай иштешесиз? Мисалы, чыгаан кинорежиссерлор Болот Шамшиев менен Төлөмүш Океевдин иштешүү усулдары таптакыр бири-бирине окшобойт. Бирөө жайдары, бирөө урушчаак дегендей.

- Туура. Мен ал эки кишинин синтезимин деп койсом болот. Уруша турган жерде урушам, бирок баарына кылдат мамиле кылганга аракет кылам. Режиссёрлор арасында актёрлорду бир формага салыш үчүн чопо же пластилин сыяктуу ийлеш керек деген түшүнүк бар. Мен андан алысмын. Менде кишинин жылдызын түшүрүп же нукура сезимдерин бузуп коёмбу деген чочулоо бар. Мен аларга образ сыяктуу мамиле кылам.

Ар бир адамдын, мисалы, менин деле, сиздин деле жаратылыш берген бир образыбыз бар да. Актёр экранда жашаш керек. Анан мен кино адамга таасир этет деген түшүнүктөрдү анча жактыра бербейм. Себеби искусство менен идеология экөө такыр эки башка нерсе.

- Бирок, кино кайсы бир деңгээлде коомду тарбиялоого жардам берүүгө тийиш да.

- Албетте. Мен башында айткандай түзмө-түз эмес, каймана таасир бериш керек. Негизи искусствонун баары ушундай болушу зарыл деп ойлойм. Арийне, менин идеологияга эч тиешем жок деген сүрөткерлер да коомду же дүйнөнү өзгөртсө деген кандайдыр бир баалуулуктарды жараткан да. Жанагы абстракциялуу же заманбап искусстводо да терең ойлор, идеялар жатат. Бирок аларды каймана түрдө беришет.

- Дүйнөдө өз киносуна өзү тартылган режиссёрлор аз эмес, алардын ичинде биздин да уучубуз куру эмес. Сиз да өз тасмаңызда өзүңүз актёр болуп тартылып жатасыз. Бул актёрду тандоодон кыйналгандан болдубу же башка себеби барбы? Мен "Эсимдени" эске алып жатам.

- Бул эми аябай чоң тема. Чоң тема дегенимдин себебин чечмелеп берейин. Сулуулук эмне? "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" дешет. Бул мага катуу тиет. Мен эмне, кыргыз эмесминби? (күлөт.) Канча пайыз экенин билбейм, бирок көп кишилер Чокморовдой эмес да. Анда эмне үчүн "кыргыздын өңү Чокморовдун өңүндөй" дешибиз керек? Эмне үчүн Актандын өңүндөй болбош керек (күлөт)? Сулуулук боюнча кыргыздын өзүнүн түшүнүгү бар. Кыргыз эч качан сулуу деп айтчу эмес, жылдыздуу деп айтчу. Ал кишилер экранга башка сулуулукту алып келет.

Көп режиссёрлор мынчалык терең ойлонбойт го дейм, мени угуп жатса кечирип коюшсун. Алар сахнага өздөрү көнүп калышкан стандарттарды алып чыгышат да. Мен ошол канондорду бузганга аракет кылам. Балким, мен бул тууралуу биринчи жолу айтып жатам. Менин актёрлорум жылдыздуу.

Бир жагынан менин тасмаларымды ал баласын тартып жатат, колго илингендерди, актёр эместерди тартып жатат, ошондуктан анын тасмалары жөнөкөй деп ойлошот. Мен өтө чоң чыгарма жаратканга аракет кылам. Анын ичинде бүт концепция бар. Баламдын тартылып калганы жылдыздуу кишилерди же өзүмө окшогондорду алып чыккым келет. Өзүм жөнүндө "өзүм сыяктуу апенди чалыш, ак көңүл актёр таппай калдым" десем күлүшөт. Көп актёрлор театрдан келген күндө да өзүнүн жөнөкөйлүгү, табийгый, нукура, кадимки турмуштагыдай ойношот.

- Менде деле ушул суроо пайда болду. Чын эле актёр таппай калдыңызбы?

- Жакшы кишини ойнош кыйын экен. Сен өзүң жакшы киши болбосоң ойной албайт экенсиң. Көзүңдөн, баскан-турганыңдан болбой эле билинип калат экен. Мен өзүмдү өтө эле жакшы кишимин деп айткан жокмун. Байкасаңар, бул кишилер "Свет акеден" баштап, "Кентавр", "Эсимдеге" чейин каармандар бир кызыктай, апенди чалыш, коомдон өзгөчөлөнгөн адамдар. Мен эми алардай эмесмин, бирок ошолордой болсом деген ниеттемин.

- Ошолордой образды бергиңиз келди да.

- Ооба. Свет аке деген бүгүнкү күндүн Прометейи да. "Эсимденин" каарманын бүгүнкү күндүн маңкурту десем, "Кентаврда" дин маселеси козголуп атат. Анткени менин өзүмдүн клубумду алып коюшкан да, мечит кылып алышкан.

- Мечиттердин болушуна же көбөйүшүнө каршысызбы?

- Маданият үйү да болуш керек да. Же эмне, дин болгон жерде маданияттын орду жок болобу? Же дин аркылуу маданият кылабызбы? Светтик өлкө болгондон кийин мечиттин жанында клуб да турушу зарыл. Эл кино, спектакль, концерттерди көрсүн. Биз айылдык клубда кино көргөндөн тышкары жаңы жылды тосчубуз. Артисттер келчү. Элди чакырып дагы бөлөк майрамдарды майрамдачубуз. Ушунун баары ынтымактын белгиси да. Азыр биздин эле айыл эмес, көп айылдарда мечити бар, клубу жок. Маданият тууралуу сүйлөшө турган жалгыз эле мектеп калды окшойт. Эми азыр мектепке да диндин тарыхы боюнча сабактарды киргизебиз деп жатышат.

Мен мындан бир аз чочулап турам. Андай экен Конституцияны өзгөртүп эле, ислам өлкөсү деп жазыш керек. Светтик өлкө болгондон кийин ошонун эрежелери менен жашашыбыз керек: китепканасы, клубу, дагы башка маданий-агартуучу очоктору болууга тийиш.

- Маданият динден төмөн турбаш керек деген маселени кантип чечиш зарыл? Сизге окшогон чыгармачыл чөйрөнүн кишилери өз салымын кошуп жатат. Дагы кандай иш-аракеттер болууда?

- Садыр Жапаров перизедент болгондо маданиятты өнүктүрүү боюнча биринчи жарлыгын ("Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" -ред.) чыгарганда бир аз сүйүндүм эле. Ал ошол бойдон калып калды.

- Мен дагы бир нерсени сурагым келип жатат. Классикалык "Эсимде" деген ырды пайдаланышыңызга аты эле себеп болдубу же дагы башка себеби барбы?

- Көптөрү "каарманың кантип эсине келет" деп көп сурашат. Менин продюсерлерлеримдин бири (француз) да "ал кантип эсине келет" деп сурап калды. Мен "бир жерден бир келиндин ырдап жатканын угуп калат, анан ошол ыр аркылуу эстейт" дедим. Жанында отургандардын бирөө да "эң туура" деп калды. "Менин бир эсин жоготкон таанышым ырдасам кошо ырдачу, башка эч нерсени эстей алчу эмес, сиз туура ойлоптурсуз" деди. Тигинин айтканы мага абдан жагып калды. Азыр эми көп киночулар, чет өлкөлүктөр да тасманын финалы абдан мыкты деп айтып жатышат. Алгачкы сценарий боюнча эсин жоготкон баш каарман аягында, аялы Умсунай сууга агып каза болуп калгандан кийин эсине келет.

Бизде мурда суук кабар же дагы башка кайгылуу маалыматтарды комуздун күүсү же ыр менен угузушчу да. Бул тасмада Умсунай кокустан келип эле: "Мен эми ушинтип келдим, мени кечирип койгула" десе, жөн эле сөз болуп калганы турат. Келип отуруп эле ырдап киргенде баары түшүнүктүү болуп калды да. А ырдын артында канча маани, канча сөздөр жатат. Ага биз бүт классикалык маданиятыбызды, бүт-бүт баарын камтып кеттик да. Эң негизгиси, менин айтайын дегеним: сүйүү болмоюнча маданият да болбойт, жашоо да болбойт, жерибиз да булганат, тамырыбызды да унутабыз.

- Албетте, түйшүгүн айтпаганда да, кино тартыш арзан оокат эмес. Өкмөт да жардам берсе керек. Тасманын аягында Жапония, Нидерланды сыяктуу бир топ өлкөлөрдүн аттары аталып жатат. Канча каражат короду жана бул кассалык тасма болбогондон кийин сарпталган чыгымдын ордун кантип толтурасыз?

- Жаңы тасмамды беш жылдан кийин тартылды деп өзүңүз айтып калбадыңызбы. Кээде жети-тогуз жылга чейин созулуп кеткен мезгилдер болду. Бул көбүнчө ошол каражатка байланыштуу. Каражат чогултканга продюсерлерге убакыт керек. "Беш кемпирден" баштап, "Эсимдеге" чейин бүт кинолорду же чет элдик продюсерлер каржылаган же биргелешип тарткан тасмалар болуп калып жатат. Эмнегедир "Кентаврдан" кийин улгайып калдым, эми тезирээк тартыш керек деген ой пайда болду. Анан түз эле киностудияга бардым.

Ал кезде Айбек Жангазиев директор болчу. Өзүбүздүн киночулар тарткан акчага эле тартайын десем, макул болду. Көркөм кеңеш көрүп, кудай жалгап, иш башталып калды. Кийин пандемияга дуушар болуп, бир жыл карантинде токтоп калдык. Бактыга жараша, ошол учурда Алтынай Койчуманова (продюсер – ред.) немистердин бир фондунан акча тапты, анын аркасынан жапон продюсерлери келди. Иши кылып, каражатыбыз анча-мынча топтолуп калды. Бирок тасманын бюджети жөнүндө кеп кылганда бир нерсени көп айтып жүрөм. Чет өлкөлүк акчалардын баарын ошол өлкөдө коротуш керек, ошондуктан, биз талапка жараша постпродакшнды Франциядан, Голландиядан кылдык.

Мен ошол фонддорго, анын ичинде "Кыргызфильмдин" мамилесине ыраазымын. Тасма өзүн актасын деген талап болгон жок. Менимче, бул туура болуш керек. Анткени искусство эч качан өзүн актабайт, ага дайыма каржылык колдоо болууга тийиш.

Өкмөт акчаны чыныгы искусство жаратканга бериши зарыл. Илгери Советтер Союзунун убагында деле ушундай болгон. Дүйнө жүзүндө кайтарымсыз акчалар же жумшак акчалар деген түшүнүк бар: пайда алып келсе жакшы болот, бирок нукура искусство жаратуу керек, маданиятыбызды, искусствобузду кантип сатмак элек дегендей мааниде. Дагы бир айтаарым, каражат жумшап болсо да искусствону коомго жайылтууга аракет кылышыбыз керек, коомчулук көрсүн, уксун, окусун, ошентип тарбиялансын.

"Украинадагы согуштун кесепети кыргыз тасмаларына да тийди"

- Бүгүнкү кино тармагынын учурдагы деңгээлин кандай баалайсыз?

- Кино башка маданият тармагына караганда өркүндөп-өсүп жатат десем болот. Себеби кино өндүрүш менен да байланыштуу да. Советтер Союзу кулагандан кийин жаңы заманга тез эле ыңгайлашып кетти. Мени менен чогуу келген киночулар, ошол эле Марат Сарулу, Темир Бирназаров, Эрнис Абдыжапаров Советтер Союзунун идеологиясы жок, башка жол менен, таза искусство жаратууга аракет кылганбыз. Бирок биздин тасмаларды көп кишилер жакшы түшүнө бербейт. Анткени көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү эски идеологияга сугарылып калган.

Канча жыл экенин так айта албайм, бирок бир топ жыл кино экранга чыкпай калды да. Американын кинолору, Бразилиянын, Аргентинанын сериалдары экрандарды ээледи. Көрөрмандардын табити бузулду, алар чыныгы кино кандай экендигин аңдап ажырата албай калды.

Ал эми Советтер Союзунун убагында кинону эл менен чогуу көрүп, анын тилин калайык-калкка айтып түшүндүргөн усулчулар бар болчу. Кино көрө турган атайын клубдар бар эле, ошонун баары кыйрап жок болду.

Бүгүнкү күндөгү көрөрмандардын басымдуу бөлүгү биздин тасмаларды аңдап-түшүнүүгө даяр эмес дегенимдин себеби жаштардын келгени аз байкалат. Көп нерсени түшүнгөн, тажрыйбалуу, илим-билимдүү, өз алдынча ой жүгүрткөн кишилер келип жатат. Негизи бул туура эле, биздин тасмалар ошондойлор үчүн тартылган.

Дүйнө жүзүндөгү кинолордой эле биздин кинолор да коммерциялык, коммерциялык эмес кино деп экиге бөлүнүп калган. Биздеги тасмалардын көпчүлүгү - коммерциялык нукта тартылган тасмалар.

- Ошондо жаштар кандай тасмаларга ыктап жатышат? Эгер алар коммерциялык кинолорду көрүп жатса, алардын таасири кандай болуп жатат?

- Мен ушул жерде бир топ чочулайм. Мен андай тасманы жаратуучуларга каршы эмесмин. Эгер кино тармагыбыз толук кандуу болсун десек, ушундай эле болууга тийиш. Кинону көрөрмандар өздөрү тандашы керек. Кинонун таасири кандай болот? Аны эч ким изилдеп жаткан жери жок. Бирок он жыл мурда тартылган коммерциялык кинодон бүгүнкү кино айырмаланып турат. Анткени коом менен кошо кинонун деңгээли да өсүп келе жатат.

Коммерциялык кино тарткандар жеңил жолду өздөрү эле тандап албай, көрөрмандарына да ошондой жолду тандатып жатышат. Ошентсе да адамда кандайдыр бир кайгыруу, түйшөлүү болбосо (мен жакшы мааниде айтып жатам), тегерегимде эмне болуп жатат деп ой жүгүртпөсө, жетилбейт го деп ойлойм.

- Жапондордун тасмаларына тартылып жатканыңыз тууралуу окуп калдым. Буга чейин "Кожожаш" тасмасы аркылуу таанылган актёр Догдурбек Кыдыралиев кыргыз кинолоруна караганда казак кинолоруна көбүрөөк тартылып, жакшы каражат тапканын айтты эле. Мисалы, сизге окшогон, Кыдыралиевге окшогон чыгаан актёрлорду, режиссёрлорду ал жакка кандай кызыкчылык жетелеп жатат?

- Мурдатан эле, Советтер Союзунун учурунан бери эле казак-кыргыз киночуларынын мамилеси өтө жакшы. Өзбектер менен да жакшы болчубуз. Бирок казактар менен бири-бирибизге көбүрөөк жакын болгонбуз. Эски кинолордун көбүн карасаңар, казак-кыргыз актёрлору жуурулушуп кеткен. Ал кезде Төлөмүш Океев деле, Болот Шамшиев деле, Мелис Убукеев деле барып, казак кинолорун тартып жүрүшкөн. Ошол байланыш дагы эле уланып келе жатат.

Казактардын киносу биздикиндей эле, бирок акчалары көп. Биз бир кино тартсак, алар он кино тартат, биз он кино тартсак, алар жүз кино тартат. Алардын мүмкүнчүлүктөрү көп, ошондуктан бизди да чакырып калат.

А мен Казакстанда жапондордун тасмасына тартылдым. Тасма он төрт жашар бала жөнүндө. Ал кыргыз мергенчинин колунда чоңоюптур. Мени чакырган режиссёр (ал продюсер дагы) менин кинолорумдун баарын билет. Өзү анча-мынча орусча сүйлөйт. Бир күнү мага: "Актан-сан (ал мени ушинтип атайт), мен бир кино тартып жаттым эле" деп чалып калды. "Ой, мен актёр эмесмин, мен өзүмдүн гана кинолорумда тартылам" деп жооп бердим. Башка режиссердон уруш угуп отурсам кандай болот деп чочуладым. Болбой эле чакырып туруп алды. Аларда кээде сценарийди кайсы бир белгилүү актёрго ылайыктап атайын жазышат. Ошондой кылыптыр. Анан тартылганга аргасыз болуп калдым.

Бул да буйрук болсо керек, бул жылда кыргыз, жапон тасмаларына тартылып, Азия жакка көбүрөөк ыктап калдым. Мунун да өзүнчө себеби бар. Көп фестивалдар Украинадагы согушка байланыштуу бизди кабыл албай койду. Көп өлкөлөр бизди Орусияга жан тартат деп ойлойбу, орус тилдүү көп тасмаларды катыштырбай коюшту. Биздин дүйнөлүк бет ачарыбыз Токиодо болуп калганына да ошол себеп болду.

- Кандай болгон күндө быйыл бул тасма сиз үчүн чыгармачылык бир чоң отчет болду окшойт. Буюруса, келерки тасманы тартканга максат коюп жаткандырсыз. Же азырынча ойлоно элексизби?

- Бу киши дегениң кызык болот экен да. Анткени пандемия учурунда өлүп каламбы деп ойлогом. Шашып тартканым да ошондон болчу. Ошол учурда биздин курактагы кишилерге психлогиялык жактан да оор болду.

- Албетте, канча жакшы адамдар өтүп кетти…

- Эми минтип тумоо кетип, аң-сезим тазалана баштады окшойт. Бир сценарийди баштадым. Эмне тууралуу экендигин азырынча айтпай эле турайын. Ушул эле бүгүнкү турмушта болуп жаткан көрүнүштөрдү чагылдырганга аракет кылам.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG