Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:06

"Эсимде" - коом көйгөйүн көтөргөн тасма


Актан Арым Кубат “Эсимде” тасмасында.

Белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы Кыргызстандагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.

Кинонун дүйнөлүк бет ачары октябрда Жапониянын борбору Токиодо өткөн эл аралык кинофестивалда болгон. Жакында эле "Эсимде" тасмасы Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыды.

Тасманы жараткан режиссёр Актан Арым Кубат эмгеги буга чейин кандай жолду басып өткөнүн кеп кылды:

“Былтыр тартып бүткөнбүз. Анан Канн, Берлин, Венеция деген фестивалдар анча жактырбады. Анын үстүнө Украинадагы кырдаал да таасир этти окшойт. Дегеним, ал жактагы айрымдар Кыргызстанды Орусиянын бир бурчу деп да түшүнүп алган окшойт, бизге орустарга кылгандай мамиле кылышты. Анан Кудай жалгап, Токиодон чакыруу келип калды, тасмаңарды конкурска коёт элек деп. Анан бул деле жогорудагы фестивалдардай эле А классындагы чоң кинофорум болуп эсептелет. Анан ошол жерде бет ачары болду”.

"Режиссердун жаңы табылгасы"

“Эсимде” тасмасы 23 жыл Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп кырсыкка учурап, эс-тутумунан айрылган Зарлык аттуу баш каарманды өз уулу мекенине алып келгенинен башталат. Өлдү деп түңүлүп калган адамдын кайтып келиши жакындары, айылдаштары үчүн күтүүсүз жаңылык болот.

Зарлык миграцияда жүргөн жылдар ичинде жалгыз уулу Кубат эр жетип үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калган. Жубайы Умсунай күйөөсүн күтүп жүрүп, акыры түңүлүп, башкага башын байлаган.

Режиссер бир үй-бүлөнүн тагдыры менен соңку 20 жылдагы коомдогу өзгөрүүлөрдү, баалуулук, ишенимдеги ажырымдарды көрсөткөн. Баш каармандын өз эли менен байланышын үзгөнү, эс тутумун жоготушу кыйыр түрдө коомдогу абалды - тарыхый эс тутумун, руханий баалуулуктары менен багытын жоготконун көрсөтөт.

“Актан Арым Кубат буга чейинки тасмаларында коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөн. Ички туюму менен материал чогултуп, киносу монтаждын үстүндө жаралчу. Бул ирет чыгармачылыктагы жаңы дүйнөсү ачылыптыр, ошого таң бердим. Алдын ала кылдаттык менен даярданып, кино кандай болорун жакшылап тактап алыптыр. Тасмада орчундуу көйгөйлөр көтөрүлгөн. Баарыбыз эс тутумубуздан ажырап калганыбыз символикалуу түрдө берилген. Ким элек ким болдук? Эмне кылып жүрөбүз? Ушул маселелерди ачыкка чыгарат. Ички дүйнөбүз булганып бүткөн экен. Саясий жактан деле, диний жактан деле бирөөлөрдү угуп жүрүп адашкан экенбиз. Тасманын финалы да укмуш - башкы каарман өзөгүн таап, эсине келгени да режиссердун табылгасы десем болот”,-деди режиссер Эрнест Абдыжапаров тасма тууралуу.

Тасмадагы каармандар кыргыз айылдарынын биринде жашайт. Бир караганда миграциянын айынан талкаланган тагдыр, зөөкүр күйөөдөн кордук көргөн кыргыз айымынын турмушу сүрөттөлгөн. Бирок түпкүрүндө мазмуну терең. Кыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунун өкүлү Тыныстан Темиржан уулу бул тасма тууралуу рецензия жазып, ал социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

“Бул автордун экинчи трилогиясынын аякташы. Буга чейин ал “Кентавр” (2016) жана “Свет аке” (2010) тасмаларын тарткан. “Эсимде” ошол тасмалардагы каармандардын жолун улап, жаңы философиялык тепкичке чыга алган мазмуну терең чыгарма. Мындагы баш каарман Зарлык түнкү талаада ат жалында зымырап адамдар күнөөсү үчүн Көктөн кечирим сураган Кентавр же элге жарык таратууну көксөгөн Свет аке эмес, пайгамбарлар сындуу Кудайга жакындаган, ааламдын сырын түшүнгөн пенде. Тасма адам алгач Кудайды таанышы керекпи же өзүнбү, Кудайды издеп жатып, өзүн жоготуп алсачы деген суроолорду кабыргасынан коёт. Азыркы кыргыз коому үчүн тасманын пайдасы чоң болоруна ишенем. Тегеректеги таштандыларды чогулткан Зарлык сымал, “Эсимде” тасмасы да коомду бир азга тазалай алса, бул кинонун, искусствонун утушу болмок”,-деп жазды ал.

Режиссер Актан Арым Кубат "Эсимде" тасмасын тартып жаткан учур.
Режиссер Актан Арым Кубат "Эсимде" тасмасын тартып жаткан учур.

"Эсимденин" каарманы Зарлык кино аяктагыча такыр сүйлөбөйт, эч кимди тааныбайт жана өткөн жашоосун эстей албайт. Болгону жаны тынбай айылдагы таштандыларды тазалай берет. Тамырлары бугунун мүйүзүндөй арбайып, сыртка чыгып калган карт дарактар тасма башталганда да, аягында да көзгө урунат. Кыргызфильм киностудиясынын баш редактору, режиссёр Темир Бирназаров кинодо дарактардын камтылганын мындайча чечмеледи:

“Биринчи киносу да ошол жерден тартылган. Кийинкиси да тамырлардын жанынан тартылган. Зарлыктын тамыры көрүнгөн дарактарды актап жатканы – коом таза болсун деген чакырык. Режиссёрдун фактурасы мыкты”.

“Эсимденин” сценарийине редакторлук кылган Бирназаров тасмадагы айрым түшүнүксүз болуп калган жагдайларын да санап өттү:

“Мисалы, Зарлыктын акыл-эсин жоготкону сөз менен айтылат. Бирок эмне болуп мындай жагдайга учураган көрүнүш берилген эмес. Сценарийде аны орусиялык скинхеддер башка тепкилеп салганы жазылган. Кийин ошол учур анда-санда эсине түшүп, чоочуп да турат. Анан сарайы өрттөгөн жеринде да ким өрттөгөнү белгисиз болуп калды. Сарай өрттөнүп жатса баласы машинеге түшүп алып кетип калганы, артынан келинчегинин чуркап барганы да логикага сыйбай калган. Тасмадагы актердук топ мыкты тандалган”.

"Коомдо түйшүктүн баарын көтөргөн - аялдар"

Тасмадагы Умсунайдын кийинки күйөөсү Жайчы – нарк-насили бузулган, акчанын артынан түшкөн каарман катары сүрөттөлгөн. Байлыгына чиренип, жадагалса айылдагы молдолорду өз максаты үчүн пайдаланат.

Жайчыдан зордук көргөн Умунай өлдү деген күйөөсү аман-эсен келгенин билгенден кийин эки оттун ортосунда калат.

Умсунайдын ролун ойногон белгилүү актриса Таалайкан Абазова бул бүгүнкү кыргыз аялдарынын түйшүгү экенин белгилеп, курмандыктарга барган каарманын аяганын айтты:

“Сценарийди окуганда эле психологиялык жактан оор экенин түшүндүм. Ички дүйнөнүн күчүн талап кылды. Тасманы көргөнүңүздөрдөй көбүнчө Умсунайдын башына келген сыноолору сөз менен эмес, анын муңдуу көздөрүнөн көрүнөт. Образды канчалык ачып бергенимди көрүүчүлөр айтар. Мен биздин коомдогу аялдар түйшүктүү экенин айткым келет. Баарына чыдап, кимдир бирөөлөр үчүн өзүн курмандыкка чалгандар бар. Каарманыма боорум ооруп, анын ички дүйнөсүндөгү бороондорго ичим ачышты. Ал күйөөсүн сатып кеткен жок”.

Көрөрманга калган суроо же тартууланган үмүт

Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат өзү, уулу Кубаттын ролун режиссердун уулу - Мирлан Абдыкалыков ойногон. Ата-бала "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Умсунайдын ролун таланттуу актриса Таалайкан Абазова аткарса, Жайчынын образын Назым Мендебаиров жараткан.

Тасма канчалык аянычтуу окуялар менен коштолгонуна карабай, аяктаганда көрүүчүгө жакшы үмүт тартуулоо менен жыйынтыкталат.

Анткени башка турмуш курган Умсунай хиджабын чечип, үйүнө кайтып келет. Ал “Эсимде” аттуу ырды ырдап жатканда Зарлык тамыры көрүнгөн дарактарды актап жүргөн болот. Көз ачып алган жарынын муңдуу ыры угулуп, шамалга ыргалган дарактардын учун тиктеп турган жеринен тасма жыйынтыкталат.

Ал эсине келдиби же жокпу, Умсунай менен уулун тааныйбы белгисиз, режиссёр окуянын андан ары өнүгүшүн көрүүчүнүн өзүнө калтырган десек болот.

Режиссёр Актан Арым Кубат “Беш кемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр” тасмалары аркылуу таанылып, бир нече эл аралык кинофестивалдарда сыйлыкка татыган.

1998-жылы анын "Бешкемпир" тасмасы Токиодогу эл аралык кинофестивалдын байгесин жеңген. 2017-жылы "Кентавр" тасмасы "Токио Фильмекс" фестивалына катышкан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG