Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Догдурбекова: Айыз тууралуу тасмам коомго жаңылык болду


Мээрим Догдурбекова.
Мээрим Догдурбекова.

Жаш режиссер Мээрим Догдурбекова тарткан "Биринчи жолу" тасмасы кыргыз коомунда ачык айтылбаган теманы козгогон.

Тасма Кыргызстандын айым режиссерлорунун 4-кинофорумунда көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирине, мактоосуна татыганын эске сала кетели. Жаш режиссерду бул фильмди жаратууга эмне түрткөнүн өз оозунан уксак.

- Мээрим, өтө сезимтал, түз айтканда секелек кыздын балакатка жеткенин, ошол маалда сырын эч кимге айта албай кыйналып турган абалын көрсөткөн экенсиң. Бул кыргыз коомунда табу тема экени белгилүү. Аны тартууга эмне себеп болду?

- Тасманын идеясы режиссер Темир Бирназаров менен иштешип жүргөндө пайда болгон. Тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемесинин негизинде тартылган. Бирок мен сценарий жазганда аңгемеден айыз тууралуу идеяны гана алдым. Окуяны чагылдырууда башка стилди тандап, көрүнүштү кинонун тили менен бергенге аракет кылдым. Тасмада кыздын балакатка жеткени ачык көрсөтүлбөйт. Жагдайды, ага карата кыздын мамилесин аба ырайы, локация, үй аркылуу сүрөттөп бергенге аракет кылдым.

Мээрим Догдурбекова жана жазуучу Топчугүл Шайдуллаева.
Мээрим Догдурбекова жана жазуучу Топчугүл Шайдуллаева.

- Тасма тартылганга чейин анын идеясын, сценарийин башка киночулар колдоого алганбы? Негизи эле, алгачкы реакция кандай болгон?

- Айрым аялдар фильмди көрүп атканда өзүнүн башынан өткөнүн эстептир. Эркектер таң калып, башкы каарманды аяп көрүшкөн экен. Мен муну көрүүчүлөрдүн пикирине таянып айттым. Тасмам максатына жетти деп ойлойм.

- Демек, кыргыз коомундагы кыздарга көз карашты өзгөртүү максатын көздөгөн турбайсыңбы?

- Тасманын сюжеттик линиясы ата менен кыздын ортосундагы окуяга байланат. Тасма көрүүчүлөргө толук жеткиче сюжетин айтпай турайын.

Эркек кишилерге аялдын организминде ай сайын болгон өзгөрүүнү, кыз-келиндердин ошол учурдагы абалы, алардын кыйналган учурларын жеткиргим келди. Ошол күндөрү аялга кандайдыр бир колдоо, жок дегенде түшүнүү менен мамиле жасоо керек деген ойдомун.

Фильм жарыкка чыгардан мурда сценарий атайын комиссиядан өткөн. Ошол жердеги эркектер "биз муну такыр ойлончу эмеспиз, чын эле оор турбайбы" деп айтышкан. Тескерисинче, аял кишилерден көп сын уктум. Алар "бул теманы эмнеге козгодуң, кыргызда ата менен кыздын ортосунда мындай темада сүйлөшүүгө болбойт" дешти.

"Биринчи жолу" тасмасынан кадр.
"Биринчи жолу" тасмасынан кадр.

- Баш каарманды аткарган кызды табуу оор болдубу, аны кантип көндүрдүңүз?

- Баш каарманды табуу оор болду. Жогоруда айткандай, бул бизде ачык айтылбаган тема. Айыз тууралуу ачык сүйлөшпөйбүз. Жадакалса, апасына да айта албаган кыздар бар.

Башында кастингден бир кыз өткөн. Бирок ал кыздын киного тартылышына ата-энеси каршы чыгып, "уят болосуң" деп уруксат бербей койгон экен. Башка кастинг жарыяладым. Баш каарманды алгач ата-энесинен уруксат алып анан тарткам.

Кинофорум учурунда режиссер жана баш каарман көрүүчүлөр менен баарлашып жатат.
Кинофорум учурунда режиссер жана баш каарман көрүүчүлөр менен баарлашып жатат.

Аялдар кинофорумубузда башкалар айтпаган, башкалар көрсөтпөгөн теманы козгодуң деген пикирлер болду. Кыз-келиндердин көбү башынан өткөн окуясын айтып берди. Мен мындай теманы көрсөтө алмак эмесмин деген эркек режиссерлор болду. Топчугүл эже “мен аңгемеде катуураак бергем, сен жумшартып бериптирсиң” деген пикирин билдирди.

- “Биринчи жолу” мен билгенден Орусиядагы фестивалдардын бирине да катышып үлгүрдү.

- Тасманы фестивалдарга жибергенге чынын айтсам, колум тийбей жүрөт. Мурунку тасмаларымдай муну да эл аралык фестивалга жиберүүнү тилек кылып жатам. Буга чейин Москвада өткөн эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн. Грузиядагы фестивалга да өткөн эле, бирок соңку кырдаалдан улам ал белгисиз мөөнөткө жылып калды. Менимче, тасма чет жакта да татыктуу баасын алат. Анткени дал ушул темада тартылган тасмалар дээрлик жокко эсе. Мен ушул көйгөйдү козгогон бир эле даректүү тасманы көргөм. Ал эки-үч жыл мурда "Оскарда" сыйлык алган. Андан башка уга элекмин.

"Биринчи жолу" тасмасынан кадр.
"Биринчи жолу" тасмасынан кадр.

- Кыргызстанда соңку учурда айым режиссерлордун саны өсүп жатканы жакшы көрүнүш. Негизи эле айым режиссерлор кандай темаларга басым жасайт жана аларга кандай колдоо керек?

- Айымдар көбүнчө социалдык темаларга басым жасайт. Анткени эркектерге караганда аялдар сезимтал, боорукер болушат эмеспи. Ошондуктан алар коомдогу эркектер көрө албаган көйгөйлөрдү башка ракурстан, башка көз караштан көрүп, алып чыга алат. Аял режиссерлорго каржылык жана моралдык жактан да колдоо болушу керек. Айрыкча "аялдар кинодо иштей албайт" деген сыяктуу стереотиптер жоюлушу керек. Кыргызстанда кино тартам деген кызды эркек режиссерлор анча тоготпойт. Убагында мага “турмушка чыксаң, кино тартпай каласың” деп айткандар болгон. Мындай пикирлер жагымсыз жана чын эле сенин каалооңду жоготушу мүмкүн.

Эл аралык фестивалдарда фильмдин режиссерунун жынысына карап, бөлүшпөйт. Анын режиссеру ким экенин калыстар тобу эске албайт дагы. Менимче, аял-эркек деп бөлбөй, эмгек татыктуу бааланышы керек. Тасманын сапаты жана тартылышына көңүл бурулушу шарт.

Кыргыз киносундагы жаңы муун. Чуулгандуу ролдон качкан кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:07 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG