Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Талашы бүтпөгөн "Так мураскери": манасчылардын кайрылуусу


"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") көркөм тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-жыл.

Акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде Өмүрзак Төлөбеков тарткан “Так мураскери” тасмасынын айланасында коомчулукта кайрадан талкуу күчөдү. Аталган тасма 25-августтан тарта Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлөт деп күтүлүп жаткан.

Манасчылар Самат Көчөрбаев менен Замирбек Баялиев тасманы көрөрмандарга тартуулоо демилгесине каршы бийликке кайрылуу жолдоду. Буга чейин авторлорго айрым эпизоддорун оңдоп чыгуу сунушталган.

“Так мураскери” тасмасы былтыр июлда тартылып баштаган. Тартуу иштери аягына чыккандан кийин аны тартуучу топ менен айрым манасчылар, тарыхчылар жана маданият ишмерлери, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда тар чөйрөдө көрүшкөн. Ага катышкандардын бири улуттук “Манас” театрынын кызматкери Самат Көчөрбаев​дин айтымында, тасманы көргөн топтун дээрлик көпчүлүгү “кино талапка жооп бербейт” деген чечимге келип, айрымдар кээ бир окуяларын өзгөртүүнү сунуштаган.

Көчөрбаев оңдолгон вариантын да жакын арада кайрадан тар чөйрөдө көрүп чыгышканын, бирок ал деле талапка ылайык болбой калганын айтат.

Самат Көчөрбаев.
Самат Көчөрбаев.

“Ал жерде кино адистери да болду. Мурункудан эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр жок. Тескерисинче, наркка, салтка туура келбеген, эпостун салттуу вариантында жок айрым окуялар бар экенине күбө болдук. Аны каалагандай чампалап койгонун режиссёрдун, продюсердин өзүнө да айтып, элге алып чыгууга болбосун баса көрсөттүк. Кино ишмерлери да бул эмгек кинонун талаптарына жооп бербесин, ал тургай кино деп атоого болбосун баса белгилешти. “Манас" эпосу мамлекеттин, улуттун дөөлөтү болгондуктан, аны мамлекеттик деңгээлде кароого алып, бардык тарабынан талапка жооп бергидей кылып анан тасма тартыш керек деп эсептейбиз. Анткени дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу – биздин руханий байлыгыбыз жана мактанычыбыз”.

14-августта Улуттук “Манас” театрынын Фейсбуктагы баракчасына театрдын көркөм жетекчиси, манасчы Замирбек Баялиев да тасманын көрсөтүлүшүнө каршы пикирин жарыялады.

Замирбек Баялиев.
Замирбек Баялиев.

""Манастын уулу Семетей" кино тасмасы талапка жооп бербейт. Манастын өзөгүн бузганга эч кимдин акысы жок. Мисалы, Тайторуну төлгө кылып чапкандагы эпизоддо кемчиликтер абдан көп, маңызын жоготкон. Кыскасы фильм боюнча бардык тараптан сын айтылуучу сөз көп. Кинонун тили, стили жок, пьесанын табияты киного айкалышпай жатат. “Манас” элдики, мамлекеттики. Бул тасмада Манастын дөөлөтү, ыйыктыгы, мамлекеттин мартабасы, элдин кадыр-баркы жатат. Андыктан бул маселе ар бирибизди ойлондурат. Демек, кылымдар келе жаткан нарк-насилибизге, улуу дөөлөтүбүзгө, көөнөрбөс байлыгыбызга шек келтирип албайлы. Бул тасманын элге коюлуп чыгышына каршымын”.

Анткен менен тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков манасчылардын жогорудагыдай пикирлерине макул эмес. Ал мындай сын-пикирлерге карабастан тасма Бишкектеги кинотеатрларда 25-августтан баштап элге тартууланат дейт.

Өмүрзак Төлөбеков.
Өмүрзак Төлөбеков.

“Манасчылардын соңку кайрылуусун окуп таң калдым. Алар “Манасты” бурмалады деп доомат коюуда. Тайторуну чапкан жери башкача берилиптир деп жатышат. Эмнеси бурмаланыптыр? Пьеса интернетте турат, карап көргүлө. Саясий өңүттө бурмаланган эч нерсеси жок. Мен болгону пьесада ыр түрүндө берилген окуяларды кара сөзгө айландырып, жөнөкөйлөштүрүп койдум. Ал деген идеянын өзгөрүшү эмес да. Пьесада Семетей хан болуп отурганы менен окуя бүтөт, мен Коңурбайды чапканын кошуп койдум. Анткени эпостун өзүндө мындай окуя бар. Манасчылар айткандай фильмди тар чөйрөдө көргөн 28 кишинин баары каршы болгон эмес. Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Дөөлөтбек Шадыбеков, журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, депутат Эркин Жолдошалиев, академик Абдылдажан Акматалиевдер жылуу пикирин билдирген. Бул тасманын максаты эпосту басмырлоо эмес, тескерисинче, чет өлкөгө чейин даңктоо. Коомдук ишмерлер Роза Айтматова, Медеткан Шеримкулов, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева баш болгон көрүнүктүү адамдар да “Так мураскерин” колдоп жатат. Азыр чет өлкөнүн сайттары, телеканалдары менен да иштешип жатабыз”.

Өмүрзак Төлөбеков буга чейин "Президент жана бомж", "Президент жана бомж-2", "Президент жана бомж-3" тасмалары менен коомчулукка таанылган.

Ал “Так мураскери” алгач тар чөйрөдө көрүлүп, сунуштар айтылгандан кийин айрым эпизоддор өзгөртүлгөнүн айтууда.

“Алар согуш окуяларында аз эле киши болуп жатат дешкен. Анан эки тараптан жер жайнаган жоокерлердин саны, боз үйлөрдүн саны көбөйтүлдү. Семетей Ала-Тоого келген кезде күткөн адамдардын саны да көбөйтүлдү. Анан сакалдары жаман болуп калыптыр дешти, биз 5 миң доллардай акча жумшап, эки-үч ай бою актёрлордун сакалдарын жасап чыктык. Жакып отурган жердеги курак төшөктөрдү оңдо дешти, ал учурду кайра тартып чыктык. Семетей менен Ысмайыл отурган жер жупуну болуп калыптыр дешти, алардын баарын графикадан кооздоп чыктык”.

Академик Абдылдажан Акматалиев тасманын оңдоло элек гана вариантын көргөнүн, ошол учурда ал дагы айрым эпизоддорун оңдоо сунушун бергенин “Азаттыкка” айтып берди.

Абдылдажан Акматалиев.
Абдылдажан Акматалиев.

“Мисалы, Манастын ордосу чабылган окуя бир эле боз үйдүн тегерегинде болгонун айткам. Ал өтө машстабдуу планда тартылышы керек. Манастын ордосу дароо эле кулап калышы мүмкүн эмес, анда канчалаган адамдын өмүрү кыйылган. Экинчиден, Каныкей менен Чыйырды Семетейди Бухарага алып качканда жөнөкөй эле атка минип алып жайлоодо кетип бараткан планда болуп калган. Ал жердеги ачкачылык, азап-тозогу жок. Үчүнчүдөн, Тайтору чабылганда жөнөкөй эле ат чабыш болуп калган, ошол кездеги бийик дух, атмосфера жок. Семетейдин Ала-Тоого келген өңдүү да сунуштарды да бергем. Спектаклдин деңгээлинен көтөрүлө алган эмес деген пикиримди айткам. Бирок Өмүрзак Төлөбековдун мекенди коргоого үндөгөн бул чыгарманы тасма талаасына алып чыкканынын өзү жакшы жөрөлгө. Каармандардын образын ачканда да ийгиликтери болгон”.

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов тасма тар чөйрөдө көрсөтүлгөндө катышкандардын бири.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

"Манастын ак өргөсү кичинекей эле тар жерде тартылып калган. Ак өргөнүн ичи таптакыр хан ордого окшошпойт. Аны көргөндө катардагы эле адамдын өргөсүндөй сезилет. Каармандардын кийимдерин башка элдер көрсө "кыргыздар Манасына ушундай мамиле жасайт" деп шылдың кылышы мүмкүн. Маселен, Семетейдин Таластан качып бара жаткан жери катардагы адам көчүп же саякаттап бараткандай эле тартылган. Ал жерде өзгөчө эпизоддор болушу керек эле. Спектаклде го мейли эле, бирок көркөм тасмада бул ылайыксыз. Фильмди көргөндөн кийин Манаска болгон жалпы мамиле төмөндөп калышы мүмкүн. Режиссёрдун Манастын баа-баркын терең биле албагандыгы көрүнүп турат. Аны тарткандар "түрктөр, казактар көрүп жактырды" деп жатат, алар жакшы түшүнбөгөндүктөн көрө беришет. Бирок кийин башкача сөздөр айтылышы мүмкүн".

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кабар" маалымат агенттигине "Так мураскерин" сындагандарга төмөнкүдөй пикирин билдирди:

"Башкы лейтмотиви мындай, кан Манас өлгөндөн кийин чар тарапка чачылган кыргыз журтун жыйноо, аларды ички жана тышкы душмандардан коргоо. Тасманы тартууга негизги каржылык колдоону ишкерлер тобу көтөрдү. Чыгармачылык жактан "Казакфильм" жана орусиялык киностудиялар көмөк көрсөттү. Андан сырткары кинотасма Шанхай кызматташтык уюмунун "Бир алкак – бир жол" долбоорунун алкагында жана Түрксой уюмунун колдоосу менен көрсөтүлөт. Өмүрзак Төлөбековдун жаңыдан тартылып бүткөн "Манастын уулу Семетей" фильми деле калк сынына коюлганы турат. Кыргызда бир жакшы кеп бар: "Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт!". Кимиси кууган, кимиси куулган, кимиси калп да, кимиси чын, аны жараткан өзү ылгайт, сабыр кылалы, күтө туралы", - деп жазды.

"Так мураскери" 2021-жылы июль айында тартыла баштаганда сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга түшкөнү бар. Көпчүлүк интернет колдонуучулары актёрлордун кийген кийимдерин сындаган пикирлерди жазган.

"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") көркөм тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-ж.
"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") көркөм тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-ж.
"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") көркөм тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-ж.
"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") көркөм тасмасы тартылып жаткан учур. 2021-ж.

Ошол кездеги мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартуу боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат деген маалыматтарды четке каккан эле.

2021-жылдын август айында манасчылардын жоон тобу маалымат жыйын өткөрүп, аталган тасманын тартылышын токтотууну талап кылып чыгышкан. Алар бул тасма "Манас" эпосунун беделине шек келтирет деген жүйө келтиришкен.

Бюджети 1 млн. долларды түзгөн көркөм тасмага эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык режиссер Дархан Кожохан режиссерлук кылган.

"Манас" эпосу - кыргыз элинин баатырдык эпосу. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

Манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч илтигинин көлөмү 500 553 ыр сабынан турат. Ошондой эле "Манастын" Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай, Актан Тыныбек уулу, Шапак Рысмендеев жана башка манасчылар айткан ондогон варианттары бар.

Буга чейин “Манас” эпосу тууралуу көркөм тасма тартылган эмес.

2014-жылы кытайлык кыргыздар “Манас” эпосу боюнча 3D форматында мультфильм тарта баштаган. Бул тууралуу долбоордун автору, кытайлык кыргыз жаран Баймуканбет уулу Кубанычбек ошол кезде “Азаттыкка” билдирген.

Андан башка да “Манас” тууралуу анимациялык тасмалар бар. Алардын катарында сүрөтчү Татьяна Зеленская жана Татьяна Дедикова иштеп чыккан мультфильм бар. Сценарийин Ашым Жакыпбековдун "Теӊири Манас" романынын негизинде Айбек Байымбетов менен Салтанат Кыдырмаева жазып чыккан. Анимациялык тасма “Улуу аш” аталышы менен 2019-жылдын башында социалдык тармактарга чыккан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG