Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Мамлекеттик катчы "Так мураскери" тасмасын сындагандарга жооп берди


"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын тартуу учуру.
"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын тартуу учуру.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кабар" маалымат агенттигине "Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын сындагандарга жооп кылып, пикирин жарыялады.

"Башкы лейтмотиви мындай: кан Манас өлгөндөн кийин чар тарапка чачылган кыргыз журтун жыйноо, аларды ички жана тышкы душмандардан коргоо. Тасманы тартууга негизги каржылык колдоону ишкерлер тобу көтөрдү. Чыгармачылык жактан "Казакфильм" жана орусиялык киностудиялар көмөк көрсөттү. Андан сырткары кинотасма Шанхай кызматташтык уюмунун "Бир алкак – бир жол" ("Жибек Жолу") долбоорунун алкагында жана "Түрксой" уюмунун колдоосу менен көрсөтүлөт. Өмүрзак Төлөбековдун жаңыдан тартылып бүткөн "Манастын уулу Семетей" фильми деле калк сынына коюлганы турат. Кыргызда бир жакшы кеп бар: "Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт!". Кимиси кууган, кимиси куулган, кимиси калп да, кимиси чын, аны жараткан өзү ылгайт, сабыр кылалы, күтө туралы", - деп жазды.

Мунун алдында бул тасманы көрүүчүлөргө тартуулоо демилгесине каршы бийликке кайрылуу жолдонгон. "Манас" театрынын көркөм жетекчиси, манасчы Замирбек Баялиевдин бул жааттагы пикири жана Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаевдин бийликке кайрылуусу "Манас" театрынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Анда аталган фильмдин сценарийи эпостун салттуу вариантынын мазмуну менен шайкеш келбей турганын айтылган. Маданият ишмерлери жана манасчылар бир жыл мурун да каршылык билдиргени эске салынган, тасманы тартууну токтотууну талап кылышкан. Кинонун жаратуучулары коомчулуктун айтканын угуп, тасма дагы айрым оңдоолор менен коштолушу мүмкүндүгүн белгилешкен.

Кинонун продюсери Өмүрзак Төлөбеков Бишкектеги кинотеатрларда 25-августтан фильмди элге тартуулоо пландалып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG