Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Бишкекте машина сүзгөн беш жүргүнчүнүн үчөө оор абалда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 14-августта кечке жуук Патрис Лумумба менен Волков көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Фит" жана "БМВ" үлгүсүндөгү машиналар кагылышты. Патрулдук милициянын маалыматына караганда, авария маалында "БМВ" үлгүсүндөгү машина жол четине чейин сүрүлүп, беш адамды коюп кеткен. Учурда үч адамдын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аварияга кабылган машиналар айып короо жайына киргизилди жана кырсыктын себеби такталууда.

Өткөн айда Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус жол кырсыгына учурап, ичиндеги төрт адам жараат алган.

Ички иштер министрлигин маалыматына ылайык, быйыл жол кырсыктарынын кеспетинен каза болгондордун саны 26,4% (337ден 248ге), жараат алгандардын саны 9,6% (5122ден 4629га) төмөндөгөн.

2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, 500дөн ашуун адам каза тапкан. 2020-жылы 6126 кырсыктан 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 ирет машиналардын кырсыгы 760 адамдын (91и балдар) өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG