Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Украинадагы согуш: AI уюмунун докладын эркин эксперттер текшерет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украинага каршы согушу тууралуу Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму даярдаган баяндаманы көз карандысыз эксперттер текшерет. Бул тууралуу аталган уюм өзү кабарлады жана анын максаты "баяндамадагы нааразылык жараткан жагдайларды териштирүү, андан сабак алуу, ошону менен катар адам укугу жаатында ишти жакшыртуу" экенин белгиледи.

Аталган уюм өткөн аптада украин армиясынын аракеттерин сынга алган баяндамасы үчүн кечирим сураган, бирок андагы маалыматтардан баш тартпай турганын билдирген.

Анын алдында адам укугун коргоочу уюм "Украина орус аскерлерине каршы туруу үчүн калктуу конуштарга аскерий позицияларын жайгаштыруу менен карапайым калкты тобокелге салып жатат" деген мазмунда баяндама жарыялаган. Анда украин күчтөрү эл аралык мыйзамдарды бузуп, калк жашаган аймактарда, анын ичинде мектептер менен ооруканаларга базаларды орнотуу менен карапайым калкка коркунуч жаратып жатканы жазылган.

Бул баяндама Украинада нааразылык жаратып, өлкө президенти Владимир Зеленский аны кескин айыптаган. Украин Куралдуу күчтөрү болсо Amnesty International уюмунун иштеши үчүн аккредитациясын токтотту. Уюмдун Киевдеги кеңсесинин башчысы Оксана Покальчук баяндама менен макул эмес экенин билдирип, кызматтан кетти.

Бул баяндама орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында жигердүү чагылдырылып, аны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги колдоп комментарий берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG