Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Ондогон өлкө Орусияны Запорожье АЭСинен аскерлерин чыгарууга чакырды


Запорожье АЭСи март айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө, аны украин кызматкерлери башкарат.
Запорожье АЭСи март айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө, аны украин кызматкерлери башкарат.

Европа Биримдигин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны Запорожье атомдук электр станциясынан чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырды.

Алардын кайрылуусу Еврошаркеттин расмий сайтына жарыяланды. Анда “орус аскерлерин жана куралдарын өзөктүк объектиде кармоого мүмкүн эмес экени, бул жагдай МАГАТЭнин бардык мүчөлөрү сактоо милдетин алган коопсуздук принциптерин, коргонууну, кепилдикти бузары, станциянын оператору өз милдетин аткара албай жатканы” жазылган.

Кремль буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Украина 12-августта Орусиянын аскерлери Запорожье АЭСине дагы чабуул жасаганын маалымдаган. Расмий Киев 12-орус аскерлерин 5-6-августта аталган атомдук электр станциясынын аймагын аткылаган деп айыптаган. Анда чабуулдан радиацияны көзөмөлдөөчү үч кыймылдаткыч жабыркап, АЭСтин бир жумушчусу жаракат алганын билдирген.

Киев менен Москва Орусия Европадагы эң ири атомдук электр станциясын аткылоого байланыштуу бири-бирин айыптап келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия “олуттуу коркунуч” жаратып жатканы үчүн Москвага каршы жаңы эл аралык санкцияларды киргизүүгө үндөгөн.

Запорожье АЭСи март айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө, аны украин кызматкерлери башкарат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 8-августта бул станциядагы абалды иликтөө үчүн эл аралык эксперттердин киришине уруксат берүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG