Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Евробиримдик “Талибан” кыймылын сындады


Оогандык аялдар талибдерге каршы акцияда, Исламабад. 13-август, 2022-жыл.
Оогандык аялдар талибдерге каршы акцияда, Исламабад. 13-август, 2022-жыл.

Европа Биримдиги “инклюзивдүү саясий система түзө албагандыгы” үчүн “Талибан” кыймылын сындады.

“Этникалык жана диний топтор, асыресе хазарлар менен шийилер экономикалык, социалдык, маданий, жарандык жана саясий укуктары тебеленип жатканынан жапа чегүүдө”, - деп билдирди 14-августта талибдердин бийликке кайтып келишинин бир жылдыгын утурлай шаркеттин тышкы иштер боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Набила Массрали.

Билдирүүдө ооган аялдардын укуктары бузулуп жатканы, кыздардын билим ала албай калганы, паранжы кийүүгө милдеттендирилгени, экономикалык жана коомдук турмуштан четтеп калганы белгиленет.

Талибдер былтыр 15-августта Кабулду алып, согушкер кыймыл 20 жылдан кийин бийликке кайтып келген. Алардын өкмөтүн бир да өлкө тааныган жок. Кыймыл буга чейинкиге караганда байистүү башкаруу жүргүзөрүнө убада кылып келгени менен ашынган эскичил саясатынан баш тарткан жок.

Ишембиде башкалаада талиб согушкерлери эркиндикти, адилеттүүлүктү талап кылган кыз-келиндердин демонстрациясын ырайымсыз кууп таратышты. Акцияны чагылдырып жаткан бир нече чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналист кармалды. Укук коргоочу уюмдар тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонууну айыпташууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG