Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Еревандагы соода борборунда болгон жарылууда бир киши өлдү


Еревандагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.
Еревандагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.

Армениянын борбору Еревандагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан бир киши өлүп, 26 адам жараат алды. Алардын бир тобу ооруканага түштү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун армян кызматы Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир киши каза таап, 20сы жараат алганын кабарлаган.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Урандылардын астында дагы деле адамдар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG