Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Үркүн окуяларына арналган жүрүш аяктады


Жүрүшкө чыккандардын айрымдары.
Жүрүшкө чыккандардын айрымдары.

Үркүн окуяларына арналып, Бишкектен башталган эскерүү жүрүшү 14-августта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айбек Сарыгулов "Азаттыкка" билдирди.

Алар Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жерде кыргындын курмандыктарын эскеришти.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштаган. Жүрүшкө аттанган он чакты киши Токмок, Боом, Көк-Мойнок, Балыкчы аркылуу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жетип, андан көлдүн тескей бетине жол тартарын айтышкан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. (SE)

XS
SM
MD
LG