Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Жекшеналиевге "баш аламандык уюштурууга чакырган" деген айып коюлду


Жетим-Тоодогу Даңги тилкеси.
Жетим-Тоодогу Даңги тилкеси.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалганын бышыктады. Анда 19 жаштагы блогер 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы айтылат.

"Эски видеонун "Полит Узник" баракчасына жарыяланышында кээ бир активисттердин жалган жана так эмес маалымат таратуу кызыкчылыгы болгон жана Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталганы байкалат. Аталган жагдайда кылмыштын курамы болгонуна байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин ("калайман баш аламандык") 3-пунктуна ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө",-деп жазылган маалыматта.

Блогердин тарапташтары анын камалышын саясий куугунтук катары сыпаттап жатышат.

Анын алдында, 14-августта президент Садыр Жапаров бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Президент Фейсбуктагы баракчасына "өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?" деп жазган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG