Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ош: Көп кабаттуу үй салына турган жер мэрияга өттү


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто көп кабатттуу үйдүн курулушу үчүн жеке адамга берилген жер тилкеси шаар мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 6-декабрда Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө баасы 29,6 миллион сомдук жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Кыргызстанда соңку жылдары кардарлар менен үлүштүк негизде көп кабаттуу үй курган жеке курулуш компаниялары көбөйдү. Алардын айрымдарынын жер тилкеси талаш жаратып, соттук териштирүүгө чейин барган учурлар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG