Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кен тармагы: кагазда калган жарлык, Чаткалдын алтыны


Садыр Жапаров Терек-Сайга 2020-жылы күзүндө президенттин дагы, премьер-министрдин дагы милдетин бирдей аткарып турган маалда барган.

"Азаттык" кен тармагынын азыркы абалын, алтын казуу маселелерин жана бул жааттагы мамлекеттин саясатын негизинен Чаткал районунун мисалында талдады.

Терек-Сай: 62 үйдүн тагдыры

Бишкекте 25-26-ноябрдагы элдик курултайда Чаткалдан шайланып келген сегиз депутаттын бирөөнө сөз тийди. Жаш активист Жылдызбек Абибакир уулу анда дароо эле бул райондогу алтын казуу маселесин козгоп, айлана-чөйрөгө тийгизген кесепетин айтып, ошол жерден президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Кенге байланыштуу аябай чоң проблемаларыбыз бар. Аны өлкө башчысы деле билет, өзү деле барып көргөн. Чаткалдын тешилбеген жери калган жок, жүздөн ашуун лицензия сатылып кеткен. Садыр Нургожоевич, сизден ошол лицензияларды кайтарып алууну суранабыз. Бүгүнкү күндө алар салыгын гана төлөйт, бирок мамлекеттин үлүшү жок. Чаткал азыркы күндө экологиялык туңгуюкка кептелип калды. Казылбаган жерибиз калган жок, суубуз булганып жатат. Ушулардын баарын айталы десек, укук коргоо органдарынын кызматкерлери басып коет. Биз эмне кылабыз? Мисалы, мен жашаган Терек-Сай, Кызыл-Токойдун жерлери лицензиялык аянтка берилип кеткен. Мен туулуп-өскөн, киндик каным тамган жер, менин короом берилип кеткен",- деп агынан жарылды жаш делегат.


Президент жаш активист сүйлөп жатканда эле анын суроосуна жооп берерин убада кылган жана айткандай эле курултайдын соңунда Чаткалдагы кен казуу маселеси тууралуу учкай оюн ортого салды.

Садыр Жапаров негизинен айрым жергиликтүү тургундар менен тил табыша албай жаткан "Эти Бакыр Терексай" компаниясы жөнүндө айтты.

"Чынында эле (Чаткалдын) тешилбеген жери калган эмес, баары тешилип бүткөн. Бул жерде "Эти Бакыр Терексай" деген компания бар. Ал Чаткалга бизге чейин келген. Биз жаңы бир дагы лицензия берген жокпуз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мен өткөндө адистерди, комиссия жөнөттүм. Аны, "Эти Бакыр Терексайды" 100% мамлекетке алабыз деп азырынча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үйүмдүн короосу кирип кетти, лицензияга берилип кетти деп жатпайсыңарбы. Ошол жерде 62 үй бар эле, анын 40тайы көчкөнгө макул болуп, калган 20сы көчпөй отурат. Алар эми жөн эле талаага көчүрүп жибербей, "эң сонун, заманбап айыл салып берели, ошол жакка көч десе" да көчпөй атышат. Үйүн кымбатыраак сатам деп жатабы, же ата конушумду таштагым келбейт деп жатабы, айтор ушул эки себептин бирөө болушу керек. Эгер мамлекетке алып калсак, муну эл менен сүйлөшүп өзүбүз чечебиз".

"Эти Бакыр Терексай" – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык "Эти Бакыр" ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 миллион доллар төлөгөн.

"Эти Бакыр Терексай" президенттин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Садыр Жапаров бул ишканага 2020-жылы күзүндө президенттин дагы, премьер-министрдин дагы милдетин бирдей аткарып турган маалда барган. Ошол жерде жергиликтүү эл менен жолугушууда дегеле бардык кендерге комиссия жөнөтүп, жагдайды, экологиялык дооматтар иликтенип чыгарын убада кылган. Бирок комиссия түзүлгөнбү, кандай жыйынтык чыгарган, кандай чечимдер кабыл алган деген суроолор ошол бойдон ачык калган.


"Эти Бакыр Терексайга" байланыштуу нааразылык былтыр жаздан тарта алар Тереккан кенин - Мырзабаев көчөсүнүн так маңдайындагы тоону каза баштагандан тарта башталган. Көп өтпөй президент курултайда сөз кылган 62 үйдү көчүрүү маселеси чыккан.

Айрым тургундар компанияны жергиликтүү эл менен толук тил табышпай туруп, бир жактуу чечим чыкпай жатып, тоону казып жатат деп айыпташууда. Алар жаз айынан бери чаңдан арылбай, ары-бери тынбай каттаган оор жүк ташыган унаалардын ызы-чуусуна нааразы болуп келет.

Мырзабаев көчөсүндө жашагандар буга чейин дагы бир канча жолу топтолгон жана бийлик башчыларына кайрылган. Нааразы болгондордун бири Марлен Жолдошбеков президенттин жообу ынандырбаганын айтууда.

"Ал жерде 40 чакты үй-бүлө көчкөнгө макул болду дегени менен, айрымдары баарына макул болбой, 30 чактысы көчүп кеткен. Суу боюндагы кооптуу жерди трансформация кылып берген. Президент айткан заманбап айыл дегени ошол жер болуп жатпайбы. Ал жерге долбоор келген, өзүңөр салып алгыла деген. Кээ бирлери түрктөр кенемте деп берген акчага ошол жерге өздөрү үй салды. Бирок өтө эле мээнеттери ашып кетти. Мындан улам үйлөрү толук бүтпөй, акчасы калбай калгандары да болуп жатат. Кээ биринин үйү бүтпөй, кышында ар кимдикине барып жашап жаткандары бар. Бул жерде мээнети өтө ашып кеткен жагдай болуп калды. Жөн эле жер берип, кенемтеге алган акчаңарга куруп алгыла деп койгон. Президент айткан заманбап айылдын ал жерде жыты да жок. Берген жери дагы кооптуу. Суунун жээгинде токой бар эле, жазында ал жерге суу келсе, каптап кетчүдөй кооптуу жер. Акчасын алып алгандар ошол жерге айласы жогунан эле барды. Биз көнбөгөндөр ошол бойдон эле отурабыз. Президент айткандай ата конушубузду таштагыбыз келбейт. Мамлекетке алабыз дегендин деле жыты жок азыр, түрктөр иштеп эле атышат. Бирок жумушчулардын бир тобун кыскарткан. Баягыдай миңден ашык адам иштеп жаткан көрүнүш жок азыр. Мамлекетке өткөнү жатканы тууралуу президенттен уктук. Ага чейин түрктөр өзүн актабай жатат деп, ишин токтотот экен деген сөздөр болгон",-деди Жолдошбеков.

Мындан бир жыл мурда "Азаттык" Чаткалдагы "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген. Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Бул иликтөөлөрдө лицензиялар колдон-колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан, айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

Кен казган компаниялар экологияга байланыштуу дооматтарды четке кагып жатат.

Президенттин кагазда калган жарлыгы

Президент былтыр жыл башында ант кармап, кызматка жаңы киришкенде чыгарган беш жарлыгынын бири тоо-кен тармагына тиешелүү болгон. "Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" деп аталган документте бир катар чукул иш-чаралар каралган. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү жоболор жазылган.

Эң негизгиси, 2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу.

Садыр Жапаров бул жарлык чыккандан кийин "Российская газета" басылмасына маек куруп, документтин маани-маңызын түшүндүргөн.

"Ондогон жылдар бою өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүп келген, бирок ырааттуу, максаттуу мамлекеттик саясаттын жоктугунан улам бул тармак өнүгүп кете алган эмес",- деп айткан анда.


"Азаттык" президенттин басма сөз кызматына бул кодексти даярдоо эмнеге кечеңдеп жатканын сурап кайрылды. Документти даярдоо уланып жатканы, бул процесс бир убакыт талап кылынары тууралуу кыска жооп алды. Дегеле президенттин тоо-кен тармагы тууралуу жарлыгын аткарылышына байланыштуу маалымат "жооптуу адис иш сапарда жүрөт" деген жүйө менен макала жазылып жаткан чакта берилген жок.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун билдиришинче, Тоо-кен кодекси тууралуу адистердин пикири бир кылка эмес.

"Бул маселеге байланыштуу адистердин арасында дагы чоң талаш болуп келген. Бизде жер казынасы тууралуу мыйзам бар. Ошонун макамын кодекске чейин көтөрөлү дегендердин арасында мен да бармын. Ал мыйзам бүгүнкү күндө жакшы эле жолго коюлуп, иштеп жатат. Бирок бул жерде талаш-тартыштар болуп калат. Мисалы бизде Суу кодекси, Жер кодекси деген бар. Алардан жер казынасы мыйзамынын макамы төмөн. Мөңгүгө, же суу, же токой чарбасына байланышкан маселеде, суроолор пайда болгондо Жер жана Суу кодекстердин макамы чоң болуп кетип, талаш-тартыштар, түшүнбөстүктөр болуп калат. Ошондуктан Кен кодекси эмес, Жер казынасы мыйзамынын незинде Жер казынасы мыйзамын иштеп чыгып, ошону кабыл алсак туура болот деп айтып келебиз. Кен кодексин жазуу боюнча эки жылдан бери эле иштер жүргүзүлүп келет. Бир убакта аны "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги колго алып, даярдап, Жогорку Кеңешке киргизет деген, бирок ар кандай шарт, себептердин негизинде киргизилбей калды".

Алтын руда, концентрат экспортуна убактылуу тыюу

Ушул жылдын октябрь айында Садыр Жапаров эмдиги жылдын май айынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөткө бул убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан кийин ар бир алты айда узартып туруу тапшырылган.

Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков буга байланыштуу азырынча даярдык жок экенин айтууда.

"Мунун идеясы, концепциясы туура маселе. Себеби бизде казылган кендин бүткөн өнүмү чыгышы керек. Биз деле руда болобу, концентрат болобу чыкпашы керек деп айтып келгенбиз. Руданын курамында башка дагы баалуу металдар болушу мүмкүн. Ал металдарды лабораторияда кандай аныктап жатат, туура көрсөтүп жатабы, же жең ичинен сүйлөшүп алып, азайтып көрсөтүп коюп жатышабы деген суроолор болчу. Ошондуктан акыркы өнүм бизден чыгышы керек. Бирок ага дагы даярдык керек болчу. Мисалы, Талды-Булак - Сол Жээк дегенди иштеткен "Алтынкен" деген комбинатыбыз бар эмес беле. Ошол комбинаттан чыккан концентрат Кытайга жөнөтүлчү, анын курамында күкүрт бар. Мындайча айтканда, бөлүп алып жаткан учурда экологияга зыяны тийчү учурлар бар. Эмнеге Кеминдеги комбинаттан концентрат түрүндө чыгарылып калган деген өзүнчө суроо. 2018-жылдан тартып "Кыргызалтын" мекемеси Кытайга эмес, Казакстанга алып барып күкүрттөн ажыратып, кайра алып келип жатат. Эми эмдиги жылы майдан тартып жарлык күчүнө кирсе, күкүртүн кайсы жактан тазалайбыз? Аны тазалоого даярданууга убакыт, акча керек болот. Зыяны тийбегидей кайсы жерде тазаланат дегендей суроолор бар. Ушул жактан алганда инвесторлорго дагы кыйын абал жаралып калышы мүмкүн. Ошондой эле Чаткалдагы "Эти Бакыр -Терексай" деген компания фабрикасын куруп аяктап калган. Президент аны мамлекетке өткөрүп алабыз деп айтпадыбы. Ал жердеги концентраттын курамында мышьяк бар. Аны тазалаш үчүн атайын технологиялык жабдуулар, кошумча каражат керек. Ошондой эле Талас менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы "Вертекс голд" деген компания дагы концентраттын Казакстанга алып барып тазалап келчү. Ал компанияларда дагы суроолор жаралып жатат. Алар деле фабрикасын курууга аракет кылып жатат. Эгер куруп бүтпөй калса инвесторлорго дагы маселе жаралып калат".

Лицензиялар кайтарыла баштады

Былтыр сентябрда өкмөт "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү" токтомун кабыл алган жана ал октябрдан тарта күчүнө кирген.

Документке ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн ири суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.

Өкмөттүн эсебинде кендин баалуулугуна жараша 10 эседен 5 миң эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйгөн. Бул тармакта иштеген айрым компаниялардын өкүлдөрү анын кесепетин да айта баштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн айда тоо-кен тармагынан түшкөн пайда тууралуу парламентте маалымат берген. Ага ылайык, ушул жылдын он айында тоо-кен тармагынан бюджетке 39,6 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. 2020-жылы бул көрсөткүч 18 миллиарддан ашык, ал эми 2021-жылы 23 миллиард сомго жакын болгон.

Акылбек Жапаров быйылкы өсүштү Кумтөр менен негиздеген.

"Кумтөр толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Эгерде 2010-жылдан 2021-жылга чейинки 11 жыл ичинде Кыргызстанга төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд. сомду (90,8 млн. АКШ долларын) түзсө, 2022-жылдын 10 айында Кумтөр кенинен 26,5 млрд. сом салыктык, салыктык эмес, ошондой эле келишимдерде каралган төлөмдөр түшкөн. 2021-жылы өлкөдө 10 тонна алтын калган болсо, 2022-жылы 17,2 тонна алтын калат деп күтүлүүдө",- деген өкмөт башчы.

Ал лицензияны кармап турган ар бир жыл үчүн жыйымды жогорулатуунун натыйжасында 2021-жылы – 244 миллион сом, ал эми 2022-жылдын октябрь айында – 529,17 миллион сом, же эки эсеге көп акча чогулганын айткан. Анда бул иш-чаранын негизинде 100 лицензия кайра кайтарылганын маалымдаган.


Бирок президент көп өтпөй эле, курултайда 150гө чукул лицензия мамлекетке кайра өткөрүлгөнүн кабарлады.

"Чет өлкөлүктөргө 300 сомдон сатылган лицензиялар тууралуу айтылды. Бул нерсе бизге чейин болгон. Биз келгенден баштап бүгүнкү күнгө чейин эки жылдын ичинде алтын кендери боюнча 148 лицензияны кайтарып алдык. Буларды эми кудай буюрса толугу менен, 100% өзүбүз иштетебиз. Же болбосо бирөөгө, инвесторго берсек 30% кем эмес таза кирешеси мамлекетте калат. Ушундай жоопкерчилик менен беребиз. Мындан ары лицензиялар сатылбайт".

Дегеле Кумтөр баштаган өлкөдөгү кенге байланыштуу бийликтин дымактуу пландарын ишке ашыруу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине жүктөлгөн. Бирок Акылбек Жапаров өткөн айда анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк камалганынан улам бул компанияны каржылоо токтогонун билдирди. Учурда комиссия түзүлүп, буга чейинки иши текшерилип жатканы белгилүү болду.

Өкмөт башчы бул холдингдин мындан аркы тагдыры эмне болорун, кенге байланыштуу өкмөттүн дымактуу пландарын эми кайсы мекеме ишке ашырарын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG