Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кумтөрдүн ээси "Кыргызалтында" жетекчилик алмашты


Элдияр Калдарбеков.
Элдияр Калдарбеков.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги толук курамы менен отставкага кетти. Мындай өзгөрүү Кумтөрдүн алтыны боюнча ар кыл маалыматтар чыгып жаткан кезге туш келди. Өлкөдөгү кирешелүү ишкананын жетекчиси болуп Элдияр Калдарбеков дайындалды.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги толук курамы менен кызматтан кеткени 2-сентябрда белгилүү болду. Тагыраагы, ишкананын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев кызматтан алынды. Бул маалыматты өкмөттөн ырасташты.

Аткаруу бийлигиндеги ишенимдүү булактар "Кыргызалтынды" башкарып келе жаткан Жарасул Абдураимов жакындан тарта "Кыргызиндустрия" ишканасын жетектеп кеткени үчүн иштен бошотулду деп түшүндүрдү.

Азырынча кызматтан алынган жетекчилер акыркы чечим боюнча комментарий бере элек.

Ушул эле күнү "Кыргызалтындын" башкармалык төрагасына 33 жаштагы Элдияр Калдарбековдун дайындалганы белгилүү болду. Ал эми орун басарлыгына Кубанычбек Турдукожоев, Куанычбек Рисбаев жана Бекмурза Өмүралиев келген. Алар жамаатка тааныштырылып, ишке киришкенин Калдарбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Өзгөрүүлөрдү биринчи кезекте таза иш алып баруу менен баштайбыз. Буга чейин иш кандай жүргөнүн жакшылап иликтеп, жакшы иштерди жүргүзөбүз. Жаңы эле дайындалдык. Бир аз убакыт берсеңер, биз маалымат беребиз", - деди Калдарбеков.

“Кыргызалтын” - өлкөдөгү бир нече ири кендерде үлүшү бар мамлекеттик компания. Анын ичинен Кумтөр алтын кенинин 100% үлүшүнө ээлик кылат. Быйыл июлдун аягында кыргыз өкмөтү Канаданын "Центерра Голддон" Кумтөрдүн акцияларын алып, "Кыргызалтынга" өткөргөн эле.

Элдияр Калдарбеков ким?

Дал ушундай стратегиялык мааниси бар ишкананын жаңы жетекчиси Элдияр Калдарбеков ким деген суроо кызыгуу жаратууда.

Расмий малыматтар боюнча, 33 жаштагы Калдарбеков Бишкектеги Кыргыз техникалык университетининин Тоо-кен институтун аяктаган. Ал акыркы бир айга жакын убакыттан бери ишкананын курамындагы аффинаж заводдунун жетекчи орун басары болуп жаткан. Анын алдында кыска мөөнөт "Кыргыз көмүр" ишканасын жетектеген. Май айында бул кызматка дайындалган Калдарбеков үч ай өтпөй кызматтан кеткенде анын отставкасын айрым булактар ишканадагы өз ишин жөндөй албаганы менен байланыштырган эле.

Элдияр Калдарбеков мамлекеттик кызматта 2011-жылдан бери иштеп келет.

Бул жылдар аралыгында "Манас" аэропортунда, "Дастан" заводунда, Өнөр жай, жер казынасын иштетүү комитетинде эмгектенген.

Дал ушул жагдай эске салган Калдарбеков мамлекеттик кызматта жетиштүү тажрыйба топтогонун жана "Кыргызалтынды" жетектөөгө толук кудурети жетерин билдирди.

"Мен президенттин уулу же башка жакыны менен тааныш эмесмин. Резюмемди окуп көрсөңөр, тоо-кен тармагындагы институтту аяктагам. Ушул тармакта иштеп келе жаткам. "Манас" аэропортунда иштедим. 2019-жылдан тарта мамлекеттик ишкананы жетекчиси болгом. Геология департаментинин директорунун орун басарлыгын аркалагам. "Кыргызкөмүрдү" жетектедим. Эми иштей турган курак келди деп ойлойм. Ошондуктан, жетекчиликтен сунуш болгон соң макул болдук".

Кумтөрдө эмне үчүн жетекчилик алмашты?

Бирок "Кыргызалтындын" жетекчилиги толук курамы менен кызматтан кетиши Кумтөрдө өндүрүлгөн алтын боюнча коомчулукта суроолор күчөгөн мезгилге туш келди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары ири кенде былтыр казылган алтын боюнча өкмөт жана Улуттук банктын маалымат ача чыгып жатканына көңүл бурушкан эле.

23-августта болсо былтыр май айынан бери Кумтөрдү башкарып келе жаткан Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Мындай чечим Эсеп палатасы Кумтөрдү текшерип, анда финансылык мыйзам бузуулар болгонун, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатып алынганын аныктаган соң кабыл алынган.

Эки күн өтпөй өкмөт жетекчилиги кенге сырткы башкаруу режимин жокко чыгарып, Бөлтүрүктөн аткарган иши боюнча отчет талап кылган.

Өлкө жетекчилиги болсо Кумтөрдүн алтына байланыштуу ар кыл күмөн саноолорду четке кагып, жакын арада маалымат берилерин убада кылып жатат.

1-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Биз бир жылдык отчетубуз менен келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Маалымат агенттиктердин бири-бирибизди тукуруп, ошол алтындын тегерегинде чырылдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. Бир милиграммына чейин эсепте",-деп жооп берген.

Ошентсе да, дал ушундай "Кумтөргө" түздөн-түз ээлик кылган мекеменин жетекчилигинин алмашынын соңку жаңжалга байланыштыргандар болууда.

Маселен, парламент депутаты Тазабек Икрамов соңку кадрдык өзгөрүү боюнча коомчулуктун кызыгуу болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтууда.

"Негизи бардык маселе ушул 19 тонна алтынга барып такалып жатпайбы. Ушундай мезгилде "Кыргызалтындын" жетекчилигинин алмашышы сөзсүз түрдө байланышы бар деп ойлойм. Ошондуктан, бул маселе кимдир бирөөнү жумуштан алуу менен калбашы керек. Бул боюнча талкуу болуш керек. Эл ишене тургандай маалымат берилиш керек".

Айтмакчы, ушул күнү Улуттук Банктын көп жылдан берки төрага орун басары Нурбек Жеңиштин кызматтан алынганы белгилүү болду.

Жарандык активист Руслан Акматбек да соңку кырдаалда мамлекет жетекчилиги стратегиялык мааниси бар ишканадагы бардык күмөндүү суроолорду жеткиликтүү түшүндүрмө бериши керек экенин айтууда. Ал соңку кадрдык дайындоолор да бир топ суроо жаратып жатканын белгиледи.

"Жаңы дайындалган кадрлар эмненин негизинде, кандай критерий, кайсы максатка ылайык тандалып жатканы белгисиз. Бизде бардык нерсе президент жана анын тегерегиндеги жакындык байланышка эле негизделип жаткандай сезилет. Анткени соңку дайындалган адистердин билимдүү деп айтайын десең андай эмес, тажрыйбалуу десең ага деле жооп бербейт. Же конкурсту жеңип келгени белгисиз. Ушул нерселерге да жооп берүү керек болуп турат".

Акматбек өз сөзүнө далил катары "Айылбанк", "Манас" аэропорту сыяктуу ишканалардын жаңыдан дайындалган жетекчилерин атады.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG