Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

"Kумтөр" күттүргөн отчётун жарыялады


“Kумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери эритилген алтынды калыптарга куюп жатышат. Архивдик сүрөт.
“Kумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери эритилген алтынды калыптарга куюп жатышат. Архивдик сүрөт.

"Kумтөр Голд Компани" Кыргызстан ишкананы өзүнө алгандан бери кенден казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу биринчи жолу маалымат берди.

Өндүрүлгөн жана сатылган алтын

Ага ылайык, компания быйыл тогуз айда 12 тонна 110 кг алтын өндүрүп, анын 11 тонна 805 кг сатып 680 млн. долларга жакын киреше тапты. Ишкана бул убакыт ичинде мамлекетке 26 млрд. сомдон ашык салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди. Ошол эле кезде өндүрүшкө кеткен чыгым көбөйгөн.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы кенден 2022-жылдын январь-сентябрь айларында казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат боюнча 2-ноябрда маалымат таратты.

“2022-жылдын башынан бери 389 357 унций же 12 тонна 110,3 кг алтын өндүрүлдү. Мунун ичинде мурда казылган рудаларды иштетүүдөн алынган алтын да бар. Ал эми 2021-жылы тогуз айда бул көрсөткүч 292 970 унций же 8,5 тонна алтынды түзгөн. Алтын өндүрүүнүн көбөйүшү фабрикага жеткирилген руданын курамында алтындын көп өлчөмдө болушу жана металлды кенден бөлүп алуу коэффициентинин арбышына байланыштуу”, - деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын тогуз айында ишкана 379 551 унций же 11 тонна 805,37 кг алтынды сатып, мындан жалпы 679,8 млн. доллар киреше алган. Былтыр ушул мезгил аралыгында 8 тонна 705,7 кг алтын 504,3 млн. долларга сатылган. Быйыл жыл башынан бери 26,78 млрд. сом салык, социалдык фондго жана башка милдеттүү төлөмдөргө төлөнгөн. Компания өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 7 млрд. 926 млн. сом салык төккөн.

“Kумтөр Голд Компани” быйыл 17,3 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Май айында кендин “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездеп, кызматкерлер жана техникалар коопсуз жайга чыгарылып, иш убактылуу токтотулган. Ушундан улам план аткарылбай калашы мүмкүн экени айтылган жана карьердеги №20 жумушчу аймагында кен казуу июль айында кайра жандандырылган.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков “Kумтөр Голд Компани” ишканасынын тогуз айдагы ишине мындай баа берди.

“Ишкананын адистери №20 аймакта инжинердик туура чечим кабыл алышкан. Ошонун негизинде жер кыртышы жылган аймактын жанынан чогултулган жана мурда кампага алып келинген рудалардан 12 тонна 110 кг алтын өндүрүлдү. “Kумтөр Голд Компани” жыл аягына чейин планды аткарабыз деп турат. Эгерде №20 аймакта иш толук токтоп калганда иш чатак болмок. Себеби ошол кезде болгону 4,5 тоннадай гана алтын өндүрүлгөн. Ошондуктан Кыргызстандын адистери кенде жакшы чечим кабыл алышкан десе болот”.

“Kумтөр Голд Компани” негизинен кенден жыл сайын 16-17 тоннадан алтын өндүрөт. Ишкананы канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып турганда өндүрүш тууралуу квартал сайын отчёт берип турчу. Кыргыз бийлиги кенди өзүнө алгандан бери үзүл-кесил маалыматтарды эсепке албаганда биринчи жолу отчёт берди.

Өндүрүштүк чыгым көбөйдү

Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу Кумтөр кенин техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар көбөйгөнү белгилүү болду. Былтыр бул үчүн 32 млн. доллар сарпталса, быйыл ал 38 млн. долларга жетти. Ишкана муну дизель отунунун баасы кымбаттап, тамак-ашка кеткен чыгымдын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Андан тышкары 2021-жылы руданын тоннасын иштетүүгө 10,92 доллар кетсе, 2022-жылы ал 12,96 долларга чыкты. Бул руданы иштеткен фабриканын жабдыктарынын кымбатташы менен байланыштуу экени айтылды.

“Ар кандай ушак-айыңдардан алыс болуш үчүн бийлик кендин ишмердиги боюнча буга чейин эле маалыматты ачык берип коюшу керек эле. Кумтөрдөн Доре чыгарылып ал Кара-Балта шаарындагы заводунда аффинаждалат. Андан алтын анан күмүш бөлүнүп алынат. Баары эле алтынды айтат бирок күмүш боюнча маалымат жок. Аскар Акаевдин убагында “Центерра Голд” менен келишим түзүлгөндө алтын эле жазылган. Бирок канча күмүш өндүрүлгөнүн кыргызстандыктар билбейт. Мен Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда иликтөө кылып, 2008-жылга чейин канча күмүш өндүрүлгөнүн аныктагам. Мисалы, ага чейин 60 тонна күмүш алынып аны “Кыргызалтын” саткан. Бирок бир да тыйыны бюджетке түшкөн эмес. Эми ал азыр кайда кетип атат дагы деле белгисиз”, - деди Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн парламенттин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасынан Доре уютмасы өндүрүлөт. Анын курамында 70% жогору алтын, 10дон 29% чейин күмүш, 10% темир, цинк, жез, никель жана башка элементтер бар. Алтын “Кыргызалтын” ишканасынын Кара-Балта шаарындагы заводунда аффинаждалат.

“Кумтөргө президент жооптуу”

Кенди Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси болгон. Башкы прокуратура аны 13-сентябрда “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупцияга байланыштуу кармаган.

Кендин айланасындагы иштер тууралуу президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” улуттук агенттигине комментарий берди.

“Тенгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. “Тенгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. “Кумтөр” мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз” деп. “Кумтөрдүн” бир тыйынына да аралашкан жокмун. Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо “Кумтөр” Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, үч ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Тенгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат”, - деди президент.

Садыр Жапаров казылган алтын учурда Улуттук банкта сакталып турганын да кошумчалады. Тенгиз Бөлтүрүк болсо коюлган айыпты толугу менен четке каккан.

“Кумтөр голд Компани” Кыргызстандын карамагына өткөндөн бери алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия да түзүлдү. Парламенттин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева Кумтөр кени боюнча президенттин жеке жоопкерчилигин эске салды.

“Президент Тенгиз Бөлтүрүктү Канададан өзү алып келген. “Тоо кен боюнча тажрыйбасы көп” деп айткан. Демек, кенде болуп аткан иштердин баарын Тенгиз Бөлтүрүк президентке айтып турган. Жумушка кимдер алынып атат, сатып алуулар тууралуу маалымат берип атты. Муну президент билип көрүп турду. Эми Тенгиз Бөлтүрүк эмне иштер болгонун ачык айтышы керек”.

Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт. Кендеги өндүрүш башталган 1997-жылдан бери 14,1 млн. унций же 400 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG