Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

АКШда кыргыз жарандарынын виза мөөнөтүн узартуу сунушу талкууланды


Чикаго.
Чикаго.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 6-декабрда билдиргендей, Чикагодогу башкы консул Болотбек Борбиев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушту.

Тараптар АКШдагы кыргызстандыктардын укуктары, алардын виза мөөнөтүн узартуу жана Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинен виза алуу маселесин талкуулашты.

Кыргызстандыктардын туристтик визаcынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу сунушу ортого салынды. Ошондой эле Бишкектеги элчиликтен виза алууну каалагандарды көбүрөөк санда кабыл алуу маселеси көтөрүлдү.

Чикагодо Кргызстандын Башкы консулдугу быйыл 8-августта ачылган. Соңку жылдары АКШга көчүп барган кыргызстандыктар көбөйүүдө. Алардын эң көбү Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG