Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Бишкек менен Москва маалымат коопсуздугун кантип камсыздайт?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун биргелешип камсыздоо боюнча макулдашты.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин биргелешкен билдирүүсү президенттердин расмий сайттарында орус тилинде жарыяланды.

Анда Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында кызматташары белгиленген. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар дүйнөдө туруктуулукту сактоодо маанилүү экенин белгилеп, аны тескери максатта колдонуу коомго жана мамлекетке коркунуч жаратып жатканы айтылат. Жалпысынан биргелешкен билдирүүдө маалымат коопсуздугу жөнүндө конкреттүү мисалдар же иш-чаралар жазылган эмес.

Макулдашуунун маани-маңызы

2021-жылы февраль айында Москвада кол коюлган эки өлкө ортосундагы макулдашууну кыргыз парламенти ошол жылдын ноябрь айында ратификациялаган экен. Макулдашуунун толук текстин орус өкмөтүнүн расмий документтер жарыяланган сайтынан табууга болот. Анда эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн кандай коркунучтардан коргоо зарылдыгы жазылган. Маселен, документтеги 1-берененин 6-бөлүмүндө коркунуч катары булар жазылган:

“Макулдашкан мамлекеттердин маданий, моралдык, руханий чөйрөсүнө, коомдук-саясий жана саясий-экономикалык системасына зыян келтирген маалыматтарды таратуу".


2021-жылы 3-ноябрда Жогорку Кеңешке бул макулдашууну Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Жаныбек Жоробаев алып келген.

“Маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө ар кандай кырдаалдарды көзөмөлдөө жана таасир этүү боюнча бирдиктүү механизмдерди түзүү болуп эсептелет. Ушул макулдашуу эки өлкөнүн коопсуздугун жогорулатууга жана заманбап чакырыктарга, коркунучтарга каршы бирдиктүү аракет кылууга жол ачат”, - деген Жоробаев.

Медиа коомчулуктун тынчсыздануусу

Сөз эркиндиги болуп көрбөгөндөй басым-кысымга кабылган өлкө - Орусия менен Кыргызстан бийлигинин маалымат коопсуздугу жаатында кызматташуусуна жергиликтүү серепчилер тынчсыздануусун билдирүүдө. Бул ириде эркин медианын сайттарынын бөгөттөлүшү, социалдык тармактардын чектелиши сыяктуу чараларды күчөтпөйбү деп тынчызданышат.

Журналист, жарандык активист Перизат Саитбурхандын пикиринде, “маалымат коопсуздугу” деген түшүнүк кеңири, аны бийлик каалагандай колдонсо болот.

“Маалыматтык коопсуздук деп убагында фейктерге каршы мыйзамды, азыр "чет элдик агенттерге" каршы мыйзамды орустардан көчүрүп алдык. Алардын негиздемесинде “биз өзүбүздүн маалымат коопсуздугун сакташыбыз керек, улуттук баалуулуктарды сактоо зарыл” деп айтылат. Эми мындан ары дагы күчөй берет деп ойлойм. Азыркы геосаясий окуялардан улам Орусия Кыргызстан сыятуу өлкөлөргө басым жасап, дүйнөлүк маалымат булактарын чектегиси келет. Кыргызстан ансыз деле көз карандысыз медиаларды жаап, блогерлерди отургузуп жатат. Аракет мындан ары дагы күчөп, маалыматтык авторитаризм күчөйбү деп ойлойм”, - деди журналист.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кыргызстан маалыматтык коопсуздук жаатында бардык өлкөлөр менен кызматташууга барышы керек дейт. Акматалиев мында сөз эркиндиги жөнүндө тынчызданууга негиз жок деген ойдо:

“Азыр интернет заманында сөз эркиндиги жөнүндө кооптонбой эле койсо болот. Баарын жаап салганга технологиялык мүмкүнчүлүк жок. Ал эми маалыматтык коопсуздук деген эмне? Бул деген мамлекеттик сырды сактоо, социалдык тармактардын иштешин кароо, ар кандай фейк жана терс маалыматтар боюнча Орусия эле эмес Европа, АКШ менен дагы иштей бергени туура болот”, - деди Акматалиев.

Маалымат коопсуздугу деген эмне?

Эми маалымат коопсуздугу жөнүндө кеп кылалы. Бул темада ар кандай семинарларды өткөрүп жүргөн медиа-эксперт Элира Турдубаева мындай пикирде.

"Маалымат коопсуздугу кеңири түшүнүк. Европа Биримдигинде маалымат коопсуздугу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Анда адамдардын жеке маалыматтарын сактоо каралган. Бизде жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзам жок, аларды каалаган жерден тапса болот. Экинчиден, мамлекеттик маалымат коопсуздугу. Бул боюнча бизде дагы талаш бар. Кайсы маалымат мамлекеттик сыр, коопсуздукка коркунуч келтирет деген аныктама так эмес. Кээде мамлекеттик коопсуздук деп активист, оппозицияга каршы колдонулуп кетет. Маалымат коопсуздугун камсыздоо - медиасабаттуулуктан башталат. Коомчулукту фейк маалыматтарды чындыктан айырмалаганды үйрөтүү керек. Экинчиден, санариптик сабаттуулук керек. Тоолуу аймактардын көбүндө интернет жакшы жеткен эмес. Теле-радиолор пропаганда. Маселен, Украина боюнча орустардын телесин көргөндөр бир жактуу маалымат алып жатат. Кыскасы, маалымат коопсуздугун камсыздоо кылдат ишти талап кылат. Ал сөз эркиндигин чектебеши керек", - деди Турдубаева.


Турдубаева өлкөдө фейк-фермалардын кызматын акчасы же бийлиги бар адамдар колдонорун айтып, мындай көрүнүш коомчулукта манипуляцияга жол берип, маалымат коопсуздугуна шек келтирип жатканын кошумчалады.

Кыргызстан-Орусиядагы сөз эркиндигинин абалы

Орусияда дээрлик эркин медиа каражаттары жок десек болот. Өткөн жумада эле Орусияда 15 миңдей интернет-ресурс бөгөттөлдү. Маалыматка ылайык, бул өлкөдө 2022-жылы жумасын орто эсеп менен 5 миңдей сайт жабылган. Орусияда жалпы дүйнөлүк интернетти чектеп, өз аймагында көзөмөлдөөгө ыңгайлуу интернет желесин киргизүү демилгеси айтылып келет.

Бирок ошол эле маалда орус бийлиги пропагандалык медиа каражаттары аркылуу Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканы айтылып келет.

Март айында Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев өкмөттү эки орусиялык телеканалды мамлекеттик бюджеттин эсебинен трансляция кылууну токтотууга чакырган.

Ал эми Кыргызстандын өзүндө болсо саясий көз карашын айтканы үчүн активист, блогер, журналисттер кармалган, көз карандысыз медиага каршы аракеттер болуп жатат.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30дай адам учурда камакта отурат. Алардын экөө Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Москвадан кармалып алып келинди.

Журналист Болот Темиров ноябрь айында Орусияга күч менен депортация болду.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.


Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон.

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды.

Министрлик 30-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун карап, аны канааттандыруусуз калтырган.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана элчиликтер кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотууга чакырган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун изилдөөсүндө Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында 72-сапка чыкты.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG