Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча бийликке резолюция жолдонду


Жапырт камалган жарандык активисттер.
Жапырт камалган жарандык активисттер.

9-декабрда Бишкекте өткөн өлкөдөгү адам укугуна байланыштуу улуттук диалогдун катышуучулары акыркы кырдаалга байланыштуу бир нече пункттан турган резолюция кабыл алышты. Өлкөдө жарандык коом, сөз эркиндиги жана саясий плюрализм кысымга алынып жатканына тынчсыздануу билдиришип, бийликтин бардык бутактарын эл аралык адам укугу декларациясынын принциптерин сактоого чакырышты.

«Эркин, демократиялык мамлекетти куруу менен, адамдын өмүрү, ден соолугу, укугу жана азаттыгы биринчи орунда турарын, тынчтыкты, туруктуулукту, ар бир адам өз оюн эркин айта алчу укуктарын сактоону камсыз кылууну унутпоо керек. Акыйкатчы институнун көз карандысыздыгы менен коопсуздугун сактап, анын ишмердигине кийлигишүүлөрдү токтотуу, саясий мейкиндикти, эркин чогулуштарды, сөз эркиндигин камсыз кылуу. Тергөө , прокурор жана соттун көз карандысыздыгын камсыздоо, эркиндикке, сөз эркиндигине жана жарандык коомго кысым көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин түзүп, коомчулукка ачык чыгаруу, сексуалдык жана үй бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндерди эстен чыгарбай, зомбулуктун алдын алуу», - сыяктуу бир катар талаптар коюлду.

10-декабрь – эл аралык Адам укугу күнүнө карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өттү. 9-декабрдагы Акыйкатчы институту уюштурган укук коргоочулардын жыйынына ондогон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар катышты.

Кыргызстанда соңку мезгилде саясий көз карашын айтканы үчүн активист, блогер, журналисттер кармалып жатат. Октябрь айында жыйырмадан ашуун жарандык активист камалган. «Азаттык» радиосунун радио жана веб сайты менен банктык эсеби бөгөттөлгөн. Ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылган. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү бул абалга тынчсыздануусну билдирүүдө. Соңку эки жылда жыйырмадай кыз-келин зомбулуктун курмандыгы болгону аныкталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG