Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

"Мени кайненем да урчу". Зомбулукту жеңген Назгүл


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Биз бүгүн зордук-зомбулукка узак жыл чыдап жашап, кийин ызы-чуусу жок жашоону тандаган Назгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу каарманды кепке тарттык. Ал кыз-келиндерге зомбулуксуз жашоону тандагандан кийин өзүн бактылуу сезе баштаганын айтып берди.

Ош облусунун тургуну Назгүл мектепти бүтүп эле өзү кыялданган акушер-гинеколог адистигине тапшырат. Бирок анын ата-энеси кызынын билим алуусуна каршы чыккан. Ушундан улам кызды көп өтпөй айылдашына эле кудалап, турмушка узатышат.

"Ата-энем мени жакшы көрүп эле чоңойткон. Бирок, биз жашаган айылда кыздардын баарына эле ушундай мамиле болчу. Алар тыюу, чектөөлөр менен чоңоюп, 18 жашында турмушка чыгышчу. Мени да ошентип узатышты".

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Адистердин айтымында, эрте турмуш курган кыздардын көбү кийин зомбулукка кабылат. Назгүлдү да ушундай жашоо күтүп турган экен. Ал жолдошу үлпөт тойдон көп өтпөй эле кагып-силкип, кол көтөрө баштаганын эстеди.

"Мен күйөөнү сыйлап, угуш керек деген тарбияны көрүп чоңойгом. Ошондуктан, күйөөм урганда башында үн катпай жүрдүм. Кайын-журтум да өч болду, кайненемдин да колу тийди. Көзүм көгөрүп, ур-токмоктон ооруканага жатып калган күндөр башыман өттү. Андайда үч баламды кучактап, көзүмдүн жашы тыйылчу эмес. Колумдагы балдарым да мени менен кошо ыйлап, аяшчу. Ооруканага жатканда же күйөөм, же кайындарым басып келчү эмес".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 15-49 жаштагы турмуш курган аялдардын 25% зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылат. Арасында психологиялык зомбулуктан жабыркаган аялдар да аз эмес.

Адистер адатта аялдардын көбү зомбулукка чыдаган себебин экономикалык көз карандылыкка байланыштырат. Көпчүлүк аялдар өзүнө ишенбейт, балдарын өз алдынча багып, чоңойтуудан коркот.

Кызыл камчы күйөөсү менен бирге 13 жыл жашаган Назгүл да аялдар кеңешине кайрылганга чейин ушинтип жашаган.

"Ушундай күндөрдүн биринде айылдагы аялдар кеңешине жардам сурап кайрылдым. Ошол жерден үйүмдүн жанында аялдар үчүн баш калкалоочу жай бар экенин билдим. Бирок ошол кризистик борборго жардам сурап, кайрылуудан айбыгып 1,5 жыл жүрдүм. Ушунча убакытты өзүмө ишенимди пайда кылууга короттум. Көрсө зомбулук менен өткөн жылдар мени алсыз, корунчаак жанга айлантыптыр. Башка жашоо жоктой жашаган экем. Ушинтип жүрүп былтыр апамдан айрылдым. Жоготуу бир чети мага жаңы жашоонун барагын ачканга түрткү болду".

ЮСАИД уюмунун Жигердүү жарандар долбоору тарабынан колдоого алынган кризистик борбордун адистери Назгүлгө психологиялык, юридикалык жардам көрсөткөн. Алардын жардамы менен ажырашууга документтерди даярдаган.

"Адистердин жардамы менен өзүмдүн жашоомо өзүм жоопкерчилик алышым керектигин түшүндүм. Күйөөм ажырашуу тууралуу айткандан кийин туугандары менен чогуу мени жана балдарымды үйдөн чыгаруу үчүн сотко кайрылган экен. Юристтердин жардамы менен зордук-зомбулук фактысы боюнча милицияга арыз жаздым. Бир канча сот отурумдарынан кийин күйөөмө коргоо ордери берилип, мени үйдөн чыгаруу чечими жокко чыгарылды. Алимент алуу үчүн да документтерди топтоп, тапшырдык".

Ушу тапта Назгүл үч баласы менен жашап жатат. Ишке орношуп, балдарын окутууга аракет кылууда. Ал зордук-зомбулуктун торунан бошонгондон кийин гана өзүн бактылуу сезе алганын айтты:

"Үйдү уулума каттаттык. Балдарымдын баары окуп жатат. Мектепте окуган кызым кийин сөзсүз жогорку окуу жайга тапшырып, билим алышын каалайм. Ал да мендей зомбулукка кириптер болуп, кордук көрбөсө экен деп тилек кылам. Жактоочунун жардамы аркылуу өзүмдүн укуктарым менен тааныштым. Кыргызстанда аялдардын укугун коргогон жана жардам бере алган адамдар бар экенине ынандым. Менимче, мындай адистер, кризистик борборлор көп болушу керек. Эгер убагында укуктарымды билгенимде мынчалык кордук көрбөйт элем, ден соолугум да жакшы болмок. Ошентсе да өзүмдү эми гана бактылуу сезе баштадым".

Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.

Ноябрь айында башталган Бириккен Улуттар Уюмунун аялзатка карата зордук-зомбулукту жоюу өнөктүгү 10-декабрда аяктады. Дүйнөдө бул дата Адам укуктарынын күнү катары белгиленип келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG