Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Бишкекте жыныстык сабаттуулукка арналган “Тартынба” фестивалы өттү


Бишкекте “Тартынба” фестивалы өттү. 12-ноябрь, 2022
Бишкекте “Тартынба” фестивалы өттү. 12-ноябрь, 2022

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Novotel мейманканасында жыныстык сабаттуулукка арналган “Тартынба” фестивалы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө блогерлер, укук коргоочулар, эксперттер жана журналисттер санарип дүйнөдөгү жыныстык сабаттуулук, жыныстык тарбия, зордук-зомбулук жана андан коргонуу, мамиле куруу, ВИЧ-СПИД, ден соолукка кам көрүү жөнүндө панелдик талкууларды өткөрүп жатышат. Жыныстык тарбияга багытталган санарип долбоорлор да тааныштырылды.

Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер катышууда. Фестивалды Репродуктивдик ден соолук боюнча альянсы ЮНЕСКО, ЮЭНЭЙДС, ЮНФПА менен биргеликте өткөрүүдө.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(NBt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG