Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды


Далмира Тилепбергенова.
Далмира Тилепбергенова.

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыды.

Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрдын кечинде Австралияда өттү. Бул тууралуу тасманын авторлорунун бири, режиссер Далмира Тилепбергенова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева бул киноакадемиянын башкы сыйлыгы экенин, "Эсимде" башка дагы бир нече номинация боюнча ат салышканын "Азаттыкка" билдирди.

Кинонун дүйнөлүк бет ачары быйыл октябрда Жапониянын борбору Токио шаарында 35-эл аралык кинофестивалда болгон. Фестивалга тасманын режиссеру Актан Арым Кубат да катышкан.

"Эсимде" фильминде Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, акыры селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет.

Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат, уулу Кубаттын ролун режиссердун уулу - Мирлан Абдыкалыков аткарган.

Алар "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан. "Эсимде" тасмасынын бет ачары Кыргызстанда 18-ноябрга белгиленген.

Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгы быйыл 15-жолу берилип жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG