Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

УКМК аткезчилик менен ташылган насвай жок кылынганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде аткезчилик менен ташылган жүк кармалып, жок кылынганын билдирди.

Атайын кызматтын 12-ноябрда билдиргени боюнча, “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасы менен "насвай" ташып бараткан Кыргызстандын жараны кармалган. Аталган фактынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан кылмыш иши 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча козголгон. Баткен райондук соту И.К.А. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, автоунаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган.

Насвай чегүү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири тараган. Ал түрдүү жугуштуу оорулардын тарашына себеп болуп жатканын дарыгерлер айтып келет.

Буга чейин активисттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна да кайрылып, насвайга лабороториялык анализ жүргүзүү маселесин көтөрүшкөн.

Насвай сатууга тыюу салуу маселеси буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Бирок ишке ашкан эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG