Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

ЕБ жана Британия Орусиянын G20 саммитиндеги сөзүнө бойкот жарыялайт


Евробиримдик менен Улуу Британия 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырманын” (G20) саммитинде орус делегациясынын сүйлөгөн сөзүнө бойкот жарыялоого ниеттенүүдө.

Бул тууралуу британиялык The Daily Telegraph басылмасы жазды. Европа Биримдигинин тышкы байланыш кызматынын өкүлү "Орусиянын мыйзамсыз аракеттери, кылмыштары" тууралуу эл аралык коомчулуктун оюн ушундай жол менен көрсөткүсү келгенин басылмага билдирген.

Бул өлкөлөр Орусияны согушту токтотууга чакырып, сүйлөшүүлөр Украинага ылайык шартта жүрүшү керектигин белгилеген.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин G20 саммитине катышпай турганы белгилүү болгон. Путин саммиттин алкагындагы жолугушуулардын бирине онлайн режиминде катышары мүмкүн экени айтылган.

Саммитке Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барарын 10-ноябрда ТАСС агенттигине президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Мунун алдында орусиялык делегация саммитке келбей калышы мүмкүн деген маалымат тараган. Индонезиянын деңиз иштери жана инвестиция министринин басма сөз катчысы Жоди Махарди Reuters агенттигине кабарлагандай, Владимир Путин иш-чарага катышуудан баш тарткан, ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров видеобайланыш аркылуу катышуу ниетин билдирген.

Июль айында Балиде өткөн Чоң жыйырманын тышкы иштер министрлеринин конференциясында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров изоляцияда калып, жыйындан мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен.

Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөдөн турган G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония, Мексика жана башка мамлекеттер бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Владимир Путин саммитке катышса барбай турганын 3-ноябрда билдирген. Анткен менен 8-ноябрда Киев Зеленский саммитке кайсы бир форматта, балким онлайн катыша турганын тастыктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG