Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ парламентке келип түштү


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу участоктору боюнча макулдашуу парламентке келип түшкөнүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" ырасташты.

Документ келерки аптада парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралып, андан кийин жалпы жыйынга алып чыгылары болжолдонууда.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов 3-ноябрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келгенин башкы дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.

Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Мындан сырткары Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу меморандумуна, ТИМдердин кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду. Соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG