Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Электр тармактарды оңдоо иштери толугу менен аткарылганы айтылды


Чүй электр тармактар ишканасы (Түндүк электр) электр тармактарды оңдоо иш-чарасын толугу менен аткарылганын билдирди. Аталган ишкана тараткан маалыматка караганда, техникалык тейлөө жана дефекттерди оңдоо иштери жыл ичинде жүргүзүлөт.

Маалыматта суук түшө баштаганда электр энергияны керектөө жогорулай турганы (жыл башынан бери 9,2 миңден ашуун абонет), мындан электр тармактарына кошумча күч келери белгиленген.

"Күз-кыш мезгилдеринде жабдуулардын ишенимдүү иштешин камсыздоо максатында Чүй электр тармактар ишканасы жер-жерлерде электр жабдууларды тепловизордон - инфракызыл камерадан өткөрүп, жылуулук көзөмөлүн жүргүзөт. Жылуулук жана көрүнүктүү сүрөттөрдүн жардамы менен тепловизор жабдуудагы дефектти оңой табууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде дефекттер аныкталса, эскертүүлөрдү эске алуу менен жабдуу оңдоого чыгарылат. Чүй электр тармактар ишканасы 1-ноябрга электр тармактарды оңдоо иш-чарасын 100% аткарды", - деди Чүй электр тармактар ишканасы.

Бишкек шаарынын айрым тургундары 9-10-ноябрда электр энергиясы бир нече саатка өчкөнүн жазган. Алар жарык Бишкектин бир нече районунда жок болгонун белгилешкен.

Кыргызстанда ушул күндөрү электр энергиясы менен камсыздоодо убактылуу чектөөлөр болуп жатканын 10-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирген.

Ал Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу фейк маалыматтар тараганын айтып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын, болгону аталган ГЭСтеги төрт агрегаттын бири оңдоп-түзөөдөн кийин 11-ноябрда пайдаланууга берилерин, ошого байланыштуу гана убактылуу чектөөлөр болорун белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG