Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Ошто аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 24 жаштагы келин киши колдуу болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча окуя 3-октябрда болгон.

Кароо жүргүзүлөн учурда маркумдун денесине миздүү нерсе менен бир нече жолу жараат келтирилгени аныкталган. Учурда шектүү катары каза болгон келиндин күйөөсү изделүүдө.

Каза болгон келиндин артында эки баласы калды.

Милиция окуя тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG