Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Байден кара куурай сактоого айыпталып соттолгондордун баарына ырайым берди


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден федералдык мыйзамдардын негизинде марихуана сактоого айыпталып соттолгондордун баарына ырайым көрсөттү. Reuters маалымат агенттиги жазгандай, ал “өтө көп өмүрлөрдү талкалаган” катачылыкты оңдоого убакыт келгенин билдирди.

Ырайым берүү 1992-жылдан 2021-жылга чейин айыпталган 6 миңден ашык кишини камтыйт. Кара куурай сактоого айыпталгандар аны менен чогуу башка кылмыштарды жасабаган болсо гана бошотулат.

Бул аракетине байланыштуу билдирүүсүндө Жо Байден губернаторлорду андан үлгү алып, штаттардын мыйзамынын негизинде соттолгондорго да ырайым берүүгө чакырды. Ал марихуана алып жүрүүгө айыпталгандар окуу жайларга кирүүдө, жумушка орношууда, үйлөрдү сатып алууда жана ижарага алууда да кемсинген абалда калышы мүмкүндүгүн айтып, кейиди.

АКШ президенти Жо Байден марихуананы баңгизат катары тыюу салынган препараттардын катарынан чыгарып салуу маселени кайра карап чыгууга үндөдү. Бул тизмеге героин сыяктуу башка баңгизаттар кирет.

Байдендин президенттик өнөктүгүндөгү пункттардын бири марихуана боюнча мамлекеттин саясатын жумшартуу убадасы болчу. Учурда 19 штатта жана Колумбия округунда кара куурай жашы жеткен адамдар үчүн кез-кезде колдонуу (рекреационное потребления) үчүн толук легалдашкан. Федералдык мыйзамдарда бул аракет азырга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылчу көрүнүш катары каралып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG