Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Орунбеков басма сөз катчыларды актуалдуу маселелерге ыкчам жооп берүүгө чакырды


Мамлекеттик мекемелердин басма сөз катчылары.
Мамлекеттик мекемелердин басма сөз катчылары.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары маалымат каражаттарында жарыяланган актуалдуу маселелерге ыкчам жооп кайтаруусу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-октябрда жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

“Өзгөчө көңүлдү мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын жана социалдык баракчаларынын абалына буруу керек. Учурда жарандардын басымдуу бөлүгү маалыматты дал ушул социалдык тармактардан алат. Демек, анын контенти заманбап талаптарга дал келиши абзел. Коомдун такталган анык маалыматтарды алуу деңгээли биздин биргелешкен ишибизден көз каранды”, - деп белгиледи.

Орунбеков басма сөз катчыларды “расмий” чектөөлөрдөн чыгып, креативдүү болууга чакырды. “Биз жаңы демилгелерди колдоого даярбыз”, - деди ал.

Ошондой эле социалдык-маданий иш-чараларды чагылдырууга олуттуу көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Жыйынга мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери дагы катышты.

Буга чейин Кыргызстанда айрым министрлик, мамлекеттик мекеме-органдардын расмий сайттары иштебей калган учурлар болгон. Иштегендердин арасында маалыматтар айлап-жылдап жаңыланбаган учурлар да кездешет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG