Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Орусия элчилигинин астына акцияга чыккандарды милиция кармап кетти


Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имараты.
Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имараты.

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына тынч митингге чыкты. Ал Украинадагы согушту токтотууну талап кылып, бул жолку акцияга “Таш менен урганды аш менен ур” деген жазуусу бар плакат, бир табак аш жана бир табакка таш салып келген.

Көп өтпөй Токтонасыровду жана ага тилектештигин билдирип чыккан дагы бир жаранды милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Милиция буга аталган жайда митинг өткөрүүгө тыюу салынган токтомду негиз кылышкан.

“Учурда Биринчи май райондук милиция бөлүмүндөбүз. Сурак берип чыктым, азыр кайсы берененин негизинде, кандай айып коёру белгисиз”, - деди Токтонасыров.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Биринчи май райондук администрациясы ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында деген жүйө менен митингдерге тыюу салуу тууралуу райондук сотко кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.
Чечимге жараша эми 1-декабрга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын, өкмөт үйүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына нааразылык акцияларга чогулууга болбойт. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG