Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Запорожьедеги ракеталык соккудан өлгөндөр 11ге жетти


Запорожье шаарындагы Орусиянын ракеталык соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 6-октябрь, 2022-жыл.
Запорожье шаарындагы Орусиянын ракеталык соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 6-октябрь, 2022-жыл.

Украинанын Запорожье шаарында орусиялык аскерлер урган ракеталык соккулардын курмандыктары 11ге жетти. Дагы 21 адам уранды астынан чыгарылды. Бул тууралуу 7-октябрда Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Орус тарап шаарды 6-октябрда эртең менен аткылаган. Жалпы жонунан жети ракета түшкөн. Андан бир нече турак жай кыйрап, алгач эки адам мерт болгону айтылган. Уранды алдында дагы көп адам болушу мүмкүндүгү белгиленип, куткаруу иштери уланып жаткан.

Украинанын Запорожье облусунун көпчүлүк бөлүгүн Орусия ээлеп алганы менен аймактын административдик борбору – Запорожье Киевдин көзөмөлүндө. Калаада согушка чейин облус калкынын дээрлик жарымы жашачу.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өкүлү Александр Штупун кабарлагандай, Орусиянын күчтөрү соңку суткада Запорожье, Харьков, Николаев баштаган 25 шаарга жана айылга сокку урду. Аларда да кыйроолор жана курмандыктар катталды.

Октябрдын башында Бириккен Улуттар Уюму "Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын" билдирген. Уюм бул статистика толук эмес экенин, улам жаңыланып турарын эскерткен.

Орус аскерлери Украинанын аймагына быйыл 24-февралда басып кирген. Украинанын эсебинде, бул аралыкта орус тараптын аскердик жоготуулары 60 миңден ашты. Британиянын эсебинде Орусиянын 25 миңдей жоокери майданда набыт болгон. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзү мурдаарак 6 миңдей жоокери өлгөнүн моюнуна алган.

Москва ошол эле маалда 61 миңдей украин аскерин жок кылганын кабарлаган. Киев 9 миңдей жоокеринен айрылганын тактаган. Согуш маалында тараптар каршылашынын жоготууларын көбөйтүп, өзүнүкүн азайтып айтууга ыкташат. Маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес болуп турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG