Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Токаев президенттикке "Элдик коалициядан" аттанарын билдирди


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышарын билдирди. Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралганы 6-октябрда белгилүү болгон.

Токаев бейшембиде “элдик коалициянын” жыйынында сүйлөп жатып, ага "көрсөтүлгөн ишенимге" ыраазычылык билдирип, "шайлоо таза жана акыйкат өтөрүн"айтты.

Узакка созулган сөзүндө казак президент Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мактап, мамлекеттик курулуштагы негизги формула “күчтүү президент-таасирдүү парламент-отчет берген өкмөт”экенин айтты.

Бул жыйында бийликчил "Аманат", "Ак жол" жана "Казакстандын элдик партиясы" Токаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн. Президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

Азыркы күнгө чейин талапкер болуу ниетин билдирген төрт киши тууралуу белгилүү: “Айыл” партиясынан Жигули Дайрабаев, ОСДП партиясынан Нурлан Ауесбаев, профсоюздар бирикмесинен Мейрам Кажыкен. Польшанын жараны, теги казак Балли Мажецтин (Балжан Наурызбаева) документтерин БШК кабыл албай койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG