Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Өзбекстандын министри "Талибан" өкмөтүнүн студенттердин санын көбөйткөнүн кубаттады


Нимруз провинциясындагы мектеп. Ооганстан, 4-октябрь 2022-жыл
Нимруз провинциясындагы мектеп. Ооганстан, 4-октябрь 2022-жыл

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн жогорку окуу жайларга кабыл алуу квоталарын көтөрүү чечимин кубаттады. “Кыздарга да окууга бирдей орун бөлүнөт деп үмүттөнөм”, - деп жазды өзбек министри.

TKG басылмасы маалымдаганына караганда, Ооганстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактары өтүүдө. Ага 12-классты бүтүргөн 160 миң талапкер катышып, 100 миңи кабыл алынмакчы.

Былтыр августта бийликти басып алгандан бери “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) кыздардын билим алуусуна чектөө киргизген. Эл аралык коомчулук Кабулдагы өкмөттү кыздардын укуктарын урматтоого үндөп жатат.

Талибдердин өкмөтү быйыл кыздар үчүн университетке тапшырууга чектөө алынганын билдирди.

30-сентябрда Кабулда жан кечти окуу борборунда өзүн өзү жардырып жибергенде 53 киши окко учкан, алардын 46сы кыздар болчу. Ал эми “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү 25 киши каза тапканын айтууда. Ал жардыруунун артында ким турганы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG