Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда түз аба каттамы ачылат


Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына 2022-жылдын 19-апрелде барган.
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына 2022-жылдын 19-апрелде барган.

6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан менен Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо" тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү маанилүү фактор болуп эки мамлекеттин ортосунда түз аба байланышын түзүү эсептелет", - деди Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров.

Талкууда депутаттар жарандык авиацияны өнүктүрүү, жаңы учактарды алуу боюнча маселелерди көтөрүп, авиабилеттердин баасынын көтөрүлүшү, бул маселени чечүү зарылдыгын белгилешти. Орусиядан мигранттар көп кайткан учурларда кошумча каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Бакуга расмий сапар менен барган. Бишкек кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.

Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил-өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG