Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

БУУнун координатору Баткенге жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди


Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Антье Гравени.
Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Антье Гравени.

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Сүйлөшүүнүн башында Антье Граве Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жапаров Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы кызматташуусунун деңгээли жогору экенин белгилеп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан институционалдык реформалар тууралуу айтып берди.

Президент "Кыргызстан БУУнун Уставында бекитилген жалпы таанылган максаттарды жана принциптерди сактоону жана мындан ары да аларды жактоого даяр экенин" белгилеген.

Жолугушуу жүрүшүндө БУУнун координатору Антье Гравени кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кандуу окуяга байланыштуу Жапаровго көңүл айтып, "БУУ Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин" билдирди.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү кылган жок. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG