Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Баткенде элден чогулган каражат үйсүз калгандарга таркатыла баштады


Баткен облусунун Достук айылы. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен облусунун Достук айылы. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.

Баткендеги чек ара чырынан кийин ачылган атайын эсепке чогулган 312 млн. сомдук каражат үй-жайынан ажырагандарга бериле баштады.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

"Азырынча 200 миң сомдон берип жатабыз, бир аз убакыттан кийин дагы 100 миң сомдон берилет. Бул каражат үйсүз калган жарандар жаңы үйлөрү курулганга чейин жашап туруу үчүн гана", - деди Алимбаев.

Жардам иретинде чогулган каражат облус боюнча үй-жайсыз калган 423 үй-бүлөгө берилет.

Учурда чек арадагы куралдуу жаңжалда жараксыз болгон 423 үйдүн орду тазаланып, жаңы курулуш үчүн жайлары даярдалып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждык болгон жерлерге атайын жылуулатылган чатырларды орнотууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна иш сапары учурунда чек ара аймактарын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 3 млрд. сом каралганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG