Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Орус аскерлери Запорожье шаарына жети жолу сокку урду


Запорожье шаары орус аскерлеринин соккусунан кийин. 6-октябрь 2022-жыл
Запорожье шаары орус аскерлеринин соккусунан кийин. 6-октябрь 2022-жыл

6-октябрда эртең менен орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына сокку урганда эки киши мерт болду, турак жайлар кыйрап калды. Уранды астында адамдар кала берүүдө. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух билдирди.

Анын айтымында, жети ракета тең турак үйлөргө тийген, куткаруу иштери уланууда.

Запорожьенин ири бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүндө калганы менен эң чоң шаар – Запорожьени ала алган эмес. Калаада согушка чейин облус калкынын дээрлик жарымы жашачу.

Старух жергиликтүү жашоочуларга чабуулдар кайталанышы мүмкүн деп эскертилгенин кошумчалады.

Бейшембиге караган түнү Харьков шаарына да сокку урулганы кабарланды. Орусия чабуулдарды комментарийлеген жок. Москва адатта жарандык жайларды атайлап бутага алганын четке кагып келет. Мындай чабуулдар эл аралык укуктук нормаларда согуш кылмышы деп бааланат.

3-октябрда БУУ Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын билдирген. Уюм бул статистика толук эмес экенин, улам жаңыланып турганын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG