Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Тажик тарап аксайлыктардын мал-жандык, унааларын өткөрүп берди


Баткен облусунун Ак-Сай айылы, 14-17-сентябрь. 2022.
Баткен облусунун Ак-Сай айылы, 14-17-сентябрь. 2022.

Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен кабарлады.

Маалыматка караганда, эки тараптын милициясы бул багытта иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү кыйроолор жана талкаланган турак жайлар тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

  • Кыргызстандын Ак-Сай айылында 5 миңге жетпеген эл жашайт. Айыл 40 миң чамалуу калк жашаган Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Төмөн жагында Тажикстандын 12 миңден ашуун тургуну бар Кожалы кыштагы бар. (КE/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG