Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Мадумаров: Кемпир-Абад тууралуу чечимге айрым айылдык депутаттар каршы


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын билдирди. Ал парламенттин 6-октябрдагы жыйынында, айылдык кеңештердин чечими керектигин, коркутуу болуп жатканын айтып, бийликтен түшүндүрмө талап кылды.

"Өзгөндө спектакль өңдүү жолугушуу болду окшойт. Мен ошол жерден айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими керек деп талап кылдым эле. Ушул убакытка алган маалыматка караганда, эки айылдык кеңеште ошол жыйынга катышкан депутаттар толугу менен каршы добуш бериптир. Элдин нааразылыгы күчөп, өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүп жатса түнкү саат 1лерде боз үйлөрдү күч колдонуу менен жыйнап, жакшы эмес иш-аракеттер болуптур. Өзгөндөгү кырдаал боюнча ким түшүндүрмө берет? Абал курчуп кете электе ушул жерге келип маалымат берип коюшун талап кылам",-деди Мадумаров.

Бул окуяга байланыштуу Ош облустук милициясы билдирүү таратты. Анда милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экени жазылган.

"Өзүмбилемдик кылып боз үй тигип же коомдук тартипти бузууга болбойт. Милиция деген бийликтин өкүлү. Коомдук жайларда, эл чогулткан учурларда тартип бузууга жол берилбейт. Эл аралык келишимдер мыйзам чегинде чечилгенге чейин чагымчыл чакырыктарга алдырбоого чакырабыз.Бул кадамдар коомдук тартипти камсыздоо максатында көрүлүп жаткан чаралар",-деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров 6-октябрда "Фейсбуктагы баракчасына "Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти",-деп жазды.

Президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, айрым депутаттар 4-октябрда Өзгөнгө барып, Кемпир-Абадга байланыштуу жолугушуу өткөргөн. Айрым тургундар жыйын ачык эмес өткөнүн, толук маалымат берилбегенин сынга алган.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG