Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

УКМК: "Элдик көзөмөлдүн" башчысы сот төрагасынан пара алып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу А.О аттуу жаран жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан 200 миң сом пара алып жатканда кармалганын маалымдады.

"А.О. кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашырганы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар талап кылган. Болбосо ал бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяларын айтып коркуткан. Ошондой эле президенттик администрациядагы байланыштары аркылуу аны судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Кармалган А.О. кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу үчүн, К.Т.А. аттуу жарандан ойдон чыгарылган арыз алган. Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда "зордуктоо" жана "алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон",-деп жазылган маалыматта.

Учурда бул фактыны тергеп иликтөө уланууда.

"Элдик көзөмөл" бирикмеси жана анын мүчөлөрү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Айрым бир маалыматтарга караганда, аталган уюм 2020-жылы түзүлгөн жана максаты коррупциянын алдын алуу, паракорчулукка каршы күрөш экени айтылган.

Былтыр жыл башында Башкы прокуратура президент Садыр Жапаровдун тарапташы, активист Бакай Кашкарбаевге сотторду жана прокурорлорду коркуткан деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Анда Кашкарбаев "Элдик көзөмөл" бирикмесинин жетекчиси экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG