Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

ТИМдин өкүлү Рахмондун Путинден орден алышы жөнүндө пикирин билдирди


Владимир Путин менен Эмомали Рахмон.
Владимир Путин менен Эмомали Рахмон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазды.

"Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" деп берилип жатат. Кызык, Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот. Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат. Бул кадам кыргыз-тажик чек арасында биз көрүп-билген нерселерге шайкеш келбейт", - деп жазды Кустебаев.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.

Рахмон 2020-жылы октябрда президент болуп бешинчи жолу шайланган жана бийликте турганына 28 жыл болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) баштаган бир катар демократиялык институттар Тажикстандагы бир дагы президенттик шайлоону эркин жана демократиялык маанайда өттү деп тааныган эмес.

Ушул жылдын июль айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Александр Невский атындагы орденинен баш тарткан. Анын басма сөз катчы Руслан Желдибай анда Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG