Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Президент Жапаров: орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болот


Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкан жарандар орус-грузин чек арасында. Сентябрь, 2022-жыл.
Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкан жарандар орус-грузин чек арасында. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров New York Times гезитине курган маегинде, мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болорун айтты. Ал Кыргызстан үчүн бул "жаңы көрүнүш" экенин, Орусиянын жарандары "бул жакка келип, ээн-эркин иштей ала турганын" билдирген.

Мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга качып келген орусиялыктардын саны тууралуу маалыматы жок экенин белгилеген.

"Биз мындан зыян эмес, пайда көрүп жатабыз", - деди президент.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт Орусиядан чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү.

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий каттоодон өткөнүн билдирген.

Мындан улам өткөн аптада авиабилеттердин, батирлердин ижара акысы көтөрүлүп, Бишкек шаарындагы мейманканаларда бош орун дээрлик калбай калды.

Орус жарандарынын көп келишине байланыштуу Бишкекте батирлердин ижара акысы кескин көтөрүлүп кетти.

Жергиликтүү бир топ тургундардын арасында үй ээлери аларды батирлерден чыгарып салганы тууралуу нааразылыктар айтылып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG