Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Франциялык кино жылдыздар ирандык аялдарды колдоп чачтарын кескен видео чыгарды


Жюлиет Бинош. Архив сүрөт.
Жюлиет Бинош. Архив сүрөт.

Франциялык кино жылдыздар, арасында "Оскардын" жеңүүчүлөрү Жюлиет Бинош жана Марион Котийяр ирандык аялдарды колдоо иретинде чачтарын кыркып жаткан видеолорун чыгарышты. Үч жумадан бери Иранда 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялары уланууда. Студент кызды полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кетип, көз узабай анын көз жумганы айтылган.

Инстаграмда “Иран аялдарын колдоо” деп аталган тайпада #hairforfreedom деген хэштег менен жарык көргөн видеолордо жылдыздар чачтарын кескенин көрүүгө болот.

Видеолор “Махса бир нече тал чачы көрүнүп калганы үчүн өмүр менен кош айтышты” деген жазуунун коштоосунда жарыяланууда.

Ирандын өзүндө жана чет өлкөлөрдө нааразылк акцияларына чыккан кыз-келиндер хижабдарын алып салып, эл алдында чачтарын кесүүдө.

Бир күн мурун франциялык кино өндүрүш тармагында эмгектенген бир миңден ашык киши “ирандык аялдардын көтөрүлүшүн колдоо” петициясына кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG