Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Захарованын сөзүнөн кийин казак ТИМи Орусиянын элчисин чакырды


Казак Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров. Астана, 4-октябрь, 2022-жыл
Казак Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров. Астана, 4-октябрь, 2022-жыл

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Алексей Бородавкинди түшүндүрмө берүү үчүн чакырды.

4-октябрда орус тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын Астанадагы элчиси Петр Врублевский “дипломатиялык миссиянын башчысы катары дипломатиялык иш-чараларга катышып жүргөнүнө” нааразылыгын айткан. Захарова элчини “четтен чыккан русофоб”, “улутчул” деп атаган. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак редакциясы жазды.

Захарова Астананы "Врублевскийди өлкөдөн чыгаруу убадасына турган жок" айыптаган. Элчинин айткандары Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин бузарын кошумчалаган.

Казак Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров мекеме Захарова колдонгон сөздөр Казакстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгүнө каршы келет деп эсептей турганын белгиледи. Анын айтымында, украин тарап Врублевскийдин “чагымчыл жүрүм-туруму” тууралуу кабардар болгон жана бул түшүнүү менен кабыл алынды. Смадияров элчини алмаштыруу макулдашылганын айтты. Украин Тышкы иштер министрлигинин расмий каналдарында бул тууралуу маалымат жарык көрө элек.

Смадияров Захарова кайсы кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө айтканын түшүнбөй жатканын белгиледи.

Быйыл августта Врублевский Диас Кузаиров аттуу блогер менен маекте Украинадагы согушту комментарийлеп жатып: “Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деп айткан.

Казак ТИМи мындан кийин украин элчисине нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG