Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:00

Быйыл Кыргызстанда 233,7 миң гектар буудай жыйналды


Быйыл Кыргызстанда 233,7 миң гектардан буудай жыйналды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда түшүм жыйноо маселесине арналган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Алдын ала маалыматтарга таянып, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөнүн, буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14,7 центнерден) түзгөнүн белгиледи.

Жыйында Айыл чарба министрлигине кант кызылчасы, пахта өңдүү айыл чарба өнүмдөрүн жыйноого өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Бишкек шаарында “Алтын күз” айыл чарба жармаңкесин жана “АгроТехЭкспо – 2022” агроөнөр жай комплексинин республикалык көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.

2021-жылдын ноябрындагы маалымат боюнча, жалпы дан дан эгиндери 577 миң гектар аянттан жыйналып, 1,4 миллион тонна дан бастырылганы, бул 2020-жылга караганда 29% аз экени кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG