Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

6-октябрдын аба ырайы


“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы.
“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы.

6-октябрда түнкүсүн Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG