Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды


Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн Нурлан Шакиев 80 депутаттын "макул" деген добушуна ээ болгонун добуш берүү комиссиясын жетектеген депутат Жанарбек Акаев билдирди. Алты депутат каршы добуш берген. Добуш берүү жабык өттү. Шайлоого жалпысынан 87 депутат катышып, 3 шайлоо кагазы жараксыз болуп чыкты.

Жогорку Кеңеш добуш берүүнүн жыйынтыгын протокол менен бекиткен соң спикер Нурлан Шакиев төраганын ордуна отурду. Ал ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.


Буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирген.

Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты.

Спикер эки жылга жакын убакта парламентти жетектөөгө ишеним артканы үчүн кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда VII чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болуп шайланган.


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Жогорку Кеңешке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келгенде депутаттар менен коопсуздук кызматынын башчысынын ортосунда пикир келишпестик болгону кабарланган.

Кийинчерээк депутат Адахан Мадумаров УКМКнын төрагасы парламентке курал алып келгенин ачык айтып чыккан.

Нурланбек Шакиев 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп эки жылдай иштеген, ага кеңешчи да болгон.

2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл иштеген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG