Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Жылдын мыкты мугалимдери жана тарбиячылары аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги республикалык "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" деп аталган республикалык сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Бүгүн, 5-октябрда министрдин биринчи орун басары Талантбек Бекташов билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды.

"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жыйынтыгында 1-орунду Ош шаарындагы кыргыз-түрк "Достук" лицейинин окутуучусу Нурсултан Акылбек уулу жеңип алды. Ал эми экинчи орунга Бишкектеги №68 гимназиянын информатика мугалими Гүлзат Мукамбетова ээ болду. Үчүнчү орунду Жалал-Абад шаарындагы №5 гимназиянын химия сабагынын мугалими Максат Абилов утту.

"Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында 1-орунду Ош шаарындагы "Күн нуру" балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлназ Түленбаева жеңип алса, 2-орунга Таластын Манас районундагы "Байчечекей" бала бакчасынын тарбиячысы Мунара Эркинбек кызы татыктуу болду. 3-орунду Алай районундагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Түменова алган.

Кыргызстанда 2333 мектеп бар. Аларда 82 миңге чукул мугалим иштейт. 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG